Коом
Жеке мектеп ачуучулар лицензияны автоматташтырылган системада гана алышат
Жеке менчик мектептерге лицензия берүү автоматташтырылган системада гана жүргүзүлөрүн Агартуу министрлигинен билдиргенин "Кабар" маалымат агенттиги кабарлады. Министрлик белгилегендей, 2025-жылдын 8-декабрынан тартып жеке менчик башталгыч, негизги жана жалпы орто билим берүү программаларын ишке ашырууга лицензия алуу үчүн бардык арыздар жана документтер "Лицензиялоо" автоматташтырылган маалымат системасы аркылуу гана