Кыймылсыз мүлк
Депутат "кызыл сызыкта" калгандар маселесин чечүүнү көтөрдү
Депутат Умбеталы Кыдыралиев "Мекенчил" депутаттык тобунун жыйынында мэрияны кызыл сызыктарга байланыштуу маселелерди чечүүдө Конституциянын нормаларын сактоого чакырды. Ал Бишкек шаарынын вице-мэри Азамат Кадыровдон кызыл сызыктар эмне экенин тактап сурады. Кадыров жооп берип, кызыл сызыктар — жолдорду, тротуарларды, велосипед жолдорун, кабелдерди, канализацияларды, парк жана скверлерди, ошондой эле башка инфраструктуралык объекттерди