Транспорт
Бишкектин түндүк айланма жолунун айрым тилкелери убактылуу ачылды
Кечээ Транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев Бишкек шаарынын түндүк айланма жолунда жүрүп жаткан курулуш иштерин жеринен текшерди. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Жарандарга ыңгайлуу шарт түзүү жана жол тыгындарын азайтуу максатында Алма-Ата–Бишкек–Ташкент унаа жолунун 230–236-чакырымдар аралыгында жайгашкан эки деңгээлдүү үч жол түйүнү убактылуу пайдаланууга берилди. Асфальт төшөө