Коом
Бишкекте үч эм төрөлдү
Бишкек шаардык перинаталдык борборунда бүгүн кесарево жолу менен үч эм төрөлдү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады. 26 жаштагы шаар тургуну 28-августта мөөнөтүнөн мурда төрөт коркунучу, аз кандуулук жана шишиктер менен ооруканага жаткырылган. Бул анын үчүнчү төрөтү. Маалыматка ылайык, үч эркек бала кош бойлуулуктун 36-жумасында жарык дүйнөгө келди.