Коом
Кытайдан келген 3 тонна күрүч чек арадан артка кайтарылды
"Торугарт" чек ара фитосанитардык көзөмөл пунктунда Кытайдан импорттолуп келген 3 тонна күрүч текшерилди. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Фитосанитардык көзөмөл учурунда жүккө тиешелүү фитосанитардык сертификат жок экени аныкталды. Талаптар сакталбагандыгына байланыштуу 3 тонна күрүч Кыргызстандын аймагына киргизилген жок. Жүк кайра