Коом
Калыс-Ордодогу жаңы мектептин курулушу аяктады
Бишкек шаарынын Калыс-Ордо конушундагы №86 мектепке 650 орундуу жаңы окуу корпусунун курулушу аяктады. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, иштер 2026-жылдын март айында башталып, үч блоктон турган имараттын жалпы аянты 1217 чарчы метрди түзөт. Жаңы корпуста окуу класстары, лабораториялар, китепкана, ашкана, дарыгердин бөлмөсү, жыйындар залы, эмгек кабинеттери