Экономика
Кыргызстан Корея менен өнөр жай кызматташтыгын күчөтөт
Экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков "Борбордук Азия – Корея Республикасы" форматындагы өнөр жай министрлеринин биринчи жыйынына катышты. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, жыйында тараптар өнөр жай кооперациясы, өндүрүштү локалдаштыруу, минералдык чийки затты терең кайра иштетүү, индустриалдык парктарды өнүктүрүү, транспорт жана логистика багыттарындагы кызматташтыкты талкуулашты.