Түрк мамлекеттер уюмунун инвестициялык фондунун уставдык капиталы 350 млн доллар деп белгиленди
Түрк мамлекеттер Уюмунун (ТМУ) Инвестициялык фондунун уставдык капиталы 350 млн доллар өлчөмүндө белгиленип, аны уюмга мүчө мамлекеттер бирдей үлүштө түзүшөт. Бул тууралуу Экономика министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Белгилей кетсек, уюмга Кыргызстан, Казакстан, Түркия, Азербайжан жана Өзбекстан мүчө. Ошондой эле бир мамлекеттин салымы 70 млн долларды түзөт. Экономика министрлигинин маалыматы