Экономика
Балык чарбасында жаңы долбоорлор: өндүрүш жана кайра иштетүү кеңейет
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков 12-августта "Салих Аква" балык чарба комплексинин ишмердүүлүгү менен таанышты. Маалыматка караганда, ишкана жылына 5 миң тонна балык тоютун өндүрүү, икра инкубациялоо, чабактарды өстүрүү, асыл тукум жана товардык балык чарбасын жүргүзүү, ошондой эле балыкты кайра иштетүү