акыркы жаңылыктар

Талас облусунда быйыл 3 энергетикалык объект курулат

Кыймылсыз мүлк

Талас облусунда быйыл 3 энергетикалык объект курулат

Быйыл Талас облусунда үч энергетикалык объектинин курулушу аяктап, пайдаланууга берилгенин Энергетика министрлиги билдирди. Маалыматта белгиленгендей, учурда темир-бетон буюмдарын чыгаруучу жаңы цехтин котлован казуу иштери аяктады. Андан темир-бетон электр мамылары, ошондой эле суу өткөргүч темир-бетон шакектер сыяктуу буюмдар чыгарылат. Жылына 2 миңден ашуун мамы өндүрүлүп, жергиликтүү өндүрүштү өнүктүрүүгө,

Бишкектеги №46 мектепке 450 орундуу жаңы корпус курулууда

Коом

Бишкектеги №46 мектепке 450 орундуу жаңы корпус курулууда

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги тарабынан Бишкек шаарынын Свердлов районунда жайгашкан №46 мектепке 450 орундуу кошумча корпустун курулушу кызуу жүрүүдө. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Учурда имараттын “А” блогунда 52 свай орнотулуп, гидроизоляция иштер аткарылууда. Маалыматка ылайык, долбоор мамлекеттик бюджеттин эсебинен каржыланып, мектеп заманбап талаптарга жооп берген үлгүдө

"Көчмөн Сити" турак жай комплексиндеги курулуш иштери текшерилди

Коом

"Көчмөн Сити" турак жай комплексиндеги курулуш иштери текшерилди

Чүй облусунда жайгашкан "Көчмөн Сити" турак жай комплексиндеги курулуш иштеринин жүрүшү жана сапаты текшерилди. Бул тууралуу Мамлекеттик ипотекалык компания маалымдады. Маалыматка ылайык, текшерүү учурунда Президенттин Иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев долбоорду ишке ашырууда инфраструктура маселелерине өзгөчө көңүл буруу зарылдыгын белгиледи. Анын айтымында, ар бир жашоочу үчүн бирден унаа

Мурдагы саламаттыкты сактоо министри Каныбек Досмамбетов суракка чакыртылды

Саясат

Мурдагы саламаттыкты сактоо министри Каныбек Досмамбетов суракка чакыртылды

Мурдагы саламаттыкты сактоо министри Каныбек Досмамбетов Ички иштер министрлигинде сурак бергенин бир катар жергиликтүү маалымат каражаттары өздүк булактарына таянып жазышты. Маалыматка ылайык, Каныбек Досмамбетов күбө катары суралган. Ал кайсы иш боюнча суралганы боюнча ачыктала элек. Эске салсак, К.Досмамбетов министр болгонго чейин УКМКнын Жалал-Абад облусундагы башкармалыгын жетектеген.

Бишкекте 20-апрелде айрым аймактарда суу өчүрүлөт

Коом

Бишкекте 20-апрелде айрым аймактарда суу өчүрүлөт

20-апрелде саат 09:00дөн 24:00гө чейин Бишкек шаарынын айрым аймактарында ичүүчү суу берүү убактылуу токтотулат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Суу турак үйлөргө, мектептерге, бала бакчаларга, саламаттык сактоо мекемелерине, ошондой эле башка социалдык-тиричилик жана өнөр жай объекттерине берилбейт. Өчүрүү "Тепличный" суу топтомосунда жана шаардык суу түтүк

УКМК Таласта 10 млн сомдон ашык жүктү мыйзамсыз алып кирүүгө бөгөт койду

Коом

УКМК Таласта 10 млн сомдон ашык жүктү мыйзамсыз алып кирүүгө бөгөт койду

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан күн мурун мамлекеттик чек аранын кыргыз-казак тилкесиндеги "Чоң-Капка" өткөрүү пунктунда мыйзамсыз жүк алып кирүү фактысына бөгөт коюлду. Атайын кызматтын маалыматка ылайык, Кыргызстандын аймагына коммерциялык максатта арналган, тыюу салынган жана эсепке алынбаган товарлардын ири партиясы аныкталган. Алдын ала маалыматтар боюнча, жүктүн жалпы

Бишкекте дизайн-кодго туура келбеген объекттер демонтаждалууда

Коом

Бишкекте дизайн-кодго туура келбеген объекттер демонтаждалууда

Бишкек шаарынын экинчи даражадагы көчөлөрүндө жайгаштыруу эрежелерине жооп бербеген жарнамалык конструкцияларды жана интернет чубалгыларын демонтаждоо иштери башталды. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти. Бул иштер шаардагы дизайн-коддун экинчи этабын ишке ашыруунун алкагында жүргүзүлүүдө. Анын негизинде Киев көчөсүндө Абдрахманов көчөсүнөн Манас проспектине чейинки тилкеде демонтаждоо иштери башталды. Шаар куруу жана архитектура

Президент Ысык-Көлгө  тор салбоого чакырды

Коом

Президент Ысык-Көлгө тор салбоого чакырды

Президент Садыр Жапаров фейсбук баракчасы аркылуу элди жаратылышты сактоого чакырган кайрылуусу менен бөлүштү. Урматтуу ысык-көлдүк мекендештер! Акыркы 5 жылдан бери Ысык-Көлдү синтетикалык торлордон тазалап бүтө албай жатабыз. ИИМдин, ӨКМдин, Жаратылыш министрлигинин кызматкерлери жайы-кышы дебей, көл үстүндө торлоду тазалап жүрүшөт. Эмгектерин баалайлы. Тор салбайлы. Жаратылышты таза сактап, кийинки

Салык кызматы "Ак-Жол" өткөрмө пунктунда мыйзамсыз жүктөрдү аныктады

Коом

Салык кызматы "Ак-Жол" өткөрмө пунктунда мыйзамсыз жүктөрдү аныктады

Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чүй облусу боюнча башкармалыгы менен биргеликте "Ак-Жол" контролдук-өткөрмө пунктунун аймагында рейддик иш-чара өткөрүштү. Бул тууралуу Салык кызматынан билдиришти. Иш-чаранын жүрүшүндө ЕАЭБ өлкөлөрүнөн келген кичи автобустар текшерүүгө алынды. Текшерүүнүн жыйынтыгында тиешелүү коштомо документтери жок ташылып келе жаткан

Таласта мыйзамсыз курулуп жаткан соода жайына чара көрүлдү

Коом

Таласта мыйзамсыз курулуп жаткан соода жайына чара көрүлдү

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Талас регионалдык башкармалыгы аймактагы курулуш объектилерин туруктуу негизде көзөмөлдөөнү улантууда. Жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн жыйынтыгында Талас шаарынын А. Оторбаев көчөсү, 241 дарегинде жайгашкан “КЫРМАН” (кампа) соода жайынын курулушунда мыйзам бузуулар аныкталды. Тактап айтканда, курулуш жүргүзгөн жаран жер тилкесинин

Кыргызстан менен Кытай санариптик кызматташтыкты күчөтөт

Коом

Кыргызстан менен Кытай санариптик кызматташтыкты күчөтөт

Кечээ Инвестициялар боюнча улуттук агенттик Кытай Эл Республикасынан келген инвесторлор жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу аталган агенттиктен билдиришти. Жолугушууга Everbeacon Data Intelligence Technology компаниясынын өкүлдөрү катышып, санариптик технологиялар, жасалма интеллект жана чоң маалыматтарды иштетүү боюнча заманбап чечимдерин сунушташты. Тараптар санариптик трансформацияны өнүктүрүү, жогорку технологиялуу тармактарга инвестиция

Бишкекте Жибек-Жолу проспектисинин бир бөлүгү убактылуу жабылды

Транспорт

Бишкекте Жибек-Жолу проспектисинин бир бөлүгү убактылуу жабылды

Бишкек шаарында Жибек Жолу проспектисинин Жаш Гвардия бульварынан Калык Акиев көчөсүнө чейинки бөлүгү убактылуу жол кыймылы үчүн жабылды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалыматка ылайык, аталган тилкеде диаметри 600 мм болгон канализация коллекторун орнотуу боюнча курулуш-монтаждоо иштери жүргүзүлөт. Учурда тиешелүү кызматтар тарабынан инфраструктураны жакшыртууга багытталган иштер башталып, аймакта жол кыймылына