Коом
Бишкекте №53 каттамды жаңы Yutong автобустары тейлей баштайт
Бүгүнтөн баштап, Бишкек шаарындагы №53 автобустун каттамын 12 жаңы Yutong үлгүсүндөгү автобус тейлей баштайт. Бул каттам “Чоң-Арык айылы (Семетей көчөсү) — айланма каттам” багыты боюнча жүргүнчүлөрдү ташыйт. Бишкек шаардык мэриянын маалыматына ылайык, айланма жана жарым айланма каттамдарды өнүктүрүү Бишкек шаарынын каттамдык тармагын оптималдаштыруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында ишке ашырылууда.