Коом
Кыргызстанда туристтик жайгаштыруунун алгачкы эксперттери даярдалды
Бишкекте туристтик тармак үчүн Жайгаштыруу каражаттарын классификациялоо мамлекеттик системасы (ЖКМС) боюнча алгачкы эксперттерди даярдоо программасы аяктады. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти. Окутуу Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Туризм департаменти жана Туризмди өнүктүрүү фонду тарабынан, Азия өнүктүрүү банкынын колдоосу менен уюштурулду. Программага тандалып алынган 17 катышуучу мейманканаларды, конок үйлөрдү