акыркы жаңылыктар

Кыргыз-казак чек арасында жер титиреди

Коом

Кыргыз-казак чек арасында жер титиреди

8-июнда саат 22:55те Кыргызстан менен Казакстандын чек арасында күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институту маалымдады. Жер титирөөнүн очогу Күнгөй Ала-Тоо кырка тоосунда жайгашып, Кожояр айылынан түндүк-батышка карай 35 чакырым, ал эми Ананьево айылынан 49 чакырым алыстыкта болгон.

Кыргызстан Европа Биримдигинин авиациялык “кара тизмесинен” чыгарылды

Транспорт

Кыргызстан Европа Биримдигинин авиациялык “кара тизмесинен” чыгарылды

Кыргызстан Европа Биримдигинин учууга тыюу салынган авиакомпаниялардын “кара тизмесинен” расмий түрдө чыгарылды. Бул тууралуу “Манас” аба майданынын басма сөз кызматы билдирди. Европа Комиссиясынын чечимине ылайык, Кыргызстанда катталган бардык авиакомпаниялар эми ЕБдин аймагына учууга тыюу салынган ташуучулардын тизмесинде жок. Кыргызстан бул тизмеге 2006-жылы киргизилген болчу. Өлкө дээрлик 20 жылдан кийин

Кыргызстан менен Кипр кош салык салууну четтетүү боюнча макулдашууга кол коюшту

Экономика

Кыргызстан менен Кипр кош салык салууну четтетүү боюнча макулдашууга кол коюшту

Экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков Кыргызстанга расмий сапар менен келген Кипр Республикасынын тышкы иштер министри Константинос Комбос менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Жолугушууда тараптар кыргыз-кипр кызматташтыгынын учурдагы абалын жана келечегин, ошондой эле соода-экономикалык жана инвестициялык байланыштарды кеңейтүү маселелерин талкуулашты. Жолугушуунун жыйынтыгында Кыргыз Республикасы менен Кипр

"Кыргыз Экспорт" борбору россиялык өнөктөштөр менен төрт документке кол койду

Экономика

"Кыргыз Экспорт" борбору россиялык өнөктөштөр менен төрт документке кол койду

XXIX Петербург эл аралык экономикалык форумунун алкагында Кыргызстандын делегациясы бир катар иш-чараларга катышып, экспорттук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүгө багытталган жаңы келишимдерди түздү. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти. Экономика жана коммерция министрлигине караштуу "Кыргыз Экспорт" борбору россиялык өнөктөштөр менен кызматташуу боюнча төрт документке кол койду. 4-июнда Санкт-

Жалал-Абадда жолдорду кеңейтүү иштери жүрүүдө

Транспорт

Жалал-Абадда жолдорду кеңейтүү иштери жүрүүдө

Жалал-Абад облусундагы Кара-Дарыя – Нефти – Пром – Үч-Мазар – Дөш унаа жолун кеңейтүү иштери дээрлик аяктап, учурда шагыл төшөө жумуштары жасалууда. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, мурда бул жолдун туурасы болгону 7 метр болуп, тар жана асфальтталбаган жол болгон. Азыр ал 10-12 метрге

Садыр Жапаров "Эмгекти коргоо жөнүндө" мыйзамга кол койду

Коом

Садыр Жапаров "Эмгекти коргоо жөнүндө" мыйзамга кол койду

Президент Садыр Жапаров "Эмгекти коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду. Документ 2026-жылдын 22-апрелинде Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган. Жаңы редакциядагы мыйзам жарандардын эмгек ишмердүүлүгүнүн жүрүшүндө өмүрүн жана саламаттыгын коргоого болгон конституциялык укуктарын камсыздоого багытталган. Ошондой эле кызматкерлер менен иш берүүчүлөрдүн эмгекти коргоо жаатындагы өз ара

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Мыктыбек Абдылдаев каза болду

Саясат

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Мыктыбек Абдылдаев каза болду

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, мамлекеттик жана коомдук ишмер Мыктыбек Абдылдаев 72 жаш курагында көз жумду. Бул тууралуу анын жакындары ырасташты. Мыктыбек Абдылдаев Кыргызстандын Башкы прокурору, Ички иштер министри, Президенттик администрациянын жетекчиси жана Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары кызматтарында эмгектенген. 2010-2021-жылдары Жогорку Кеңештин депутаты болуп, мыйзамдуулук, укук тартиби жана

ӨКМ башчысы селден жабыркаган аймактарды кыдырды

Коом

ӨКМ башчысы селден жабыркаган аймактарды кыдырды

Өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев Ош облусунун Кара-Суу жана Алай райондорундагы селдин кесепеттерин жоюу жана калыбына келтирүү иштеринин жүрүшү менен таанышты. ӨКМдин маалыматына ылайык, иш сапардын алкагында министр Кара-Суу районундагы Ош – Эркечтам унаа жолунун 7-чакырымында жайгашкан "Муян" каналын кеңейтүү иштерин жеринен көрүп чыкты. Ал тиешелүү

Бишкектеги 17 кабаттуу үйдүн курулушунда мыйзам бузуулар аныкталды

Коом

Бишкектеги 17 кабаттуу үйдүн курулушунда мыйзам бузуулар аныкталды

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти Бишкек шаарындагы курулуш объектилеринин биринде бир катар мыйзам бузууларды аныктады. Текшерүүнүн жүрүшүндө Матыев көчөсүнүн 21 жана 21/1 даректеринде жайгашкан 17 кабаттуу турак үйдүн курулушунда курулуш нормаларынын жана коопсуздук талаптарынын бузулганы белгилүү болгон. Атап айтканда, объекттин

Айыл чарба министрлигинде кадрдык өзгөрүүлөр болду

Саясат

Айыл чарба министрлигинде кадрдык өзгөрүүлөр болду

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиевдин тескемесине ылайык, Асылбек Сатыбалдиев Суу ресуртары, айыл чарба кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары болуп дайындалды. Жаңы орун басарды министр Эрлист Акунбеков тааныштырды. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди. А.Сатыбалдиев 1981-жылы Сокулук районунун Белек айылында туулган. 2003-жылы К.И.

"Келечек үчүн билим берүү" долбооруна 6,36 млн доллар бөлүнөт

Коом

"Келечек үчүн билим берүү" долбооруна 6,36 млн доллар бөлүнөт

Президент Садыр Жапаров "Келечек үчүн билим берүү" долбоорун кошумча каржылоо боюнча Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосунда түзүлгөн макулдашууларды ратификациялоо тууралуу мыйзамга кол койду. Мыйзам 2026-жылдын 14-майында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган. Макулдашуунун алкагында Кыргызстанга мектепке чейинки билим берүү системасын өнүктүрүүгө багытталган 6,36

Садыр Жапаров Кипрдын тышкы иштер министрин кабыл алды

Саясат

Садыр Жапаров Кипрдын тышкы иштер министрин кабыл алды

Президент Садыр Жапаров 8-июнда, өлкөгө расмий сапары менен келген Кипр Республикасынын тышкы иштер министри Константинос Комбосту кабыл алды. Президенттин маалыматтык саясат бөлүмүнүн билдиргенине караганда, жолугушууда эки жактуу жана көп тараптуу форматтагы өз ара кызматташтык келечеги талкууланды.  Президент туризм, инвестиция, финансы жана банктар аралык байланыштар жаатында, ошондой эле эл аралык