Экономика
“Социалдык контракт” алган жарандардын кирешеси өскөнү менен жашоо минимумуна жете элек
“Социалдык контракт” программасынын алкагында жардам алган жарандардын кирешеси өскөнү менен, алардын басымдуу бөлүгүнүн орточо кирешеси дагы деле жашоо минимумунун деңгээлине жеткен эмес. Бул тууралуу Эсептөө палатасы жүргүзгөн аудиттин жыйынтыгында айтылат. Программа - жарандардын экономикалык активдүүлүгүн жогорулатууга, өз алдынча иш менен камсыз болууга жана жаңы жумуш орундарын түзүүгө оң таасир берип жатканын