Айгерим Качкынбекова

Кыргызстанда 232 мал чарба субъектине асыл тукум макамы ыйгарылды

Коом

Кыргызстанда 232 мал чарба субъектине асыл тукум макамы ыйгарылды

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин 2026-жылдын 7-апрелиндеги буйругунун негизинде өлкө боюнча 232 мал чарба субъектине асыл тукум макамы ыйгарылды. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Анын ичинде 97 кой чарбасы, 5 эчки чарбасы, 84 ири мүйүздүү мал чарбасы, 40 жылкы чарбасы, 3 топоз чарбасы, 4

Баткенде бассейни бар 1200 орундуу мектеп салынууда

Коом

Баткенде бассейни бар 1200 орундуу мектеп салынууда

Баткен шаарынын Чет-Булак кварталында 1200 орундуу жаңы мектептин курулушу расмий башталды. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Иш-чарага облус башчысы Мамыржан Рахимов, Евразиялык турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун өкүлдөрү жана башка расмий коноктор катышты. Маалыматка ылайык, мектеп заманбап окуу кабинеттер, лабораториялар, спорт зал, ашкана жана бассейн менен камсыздалат.

Кыргызстан сунуштаган тарифтик жеңилдик ЕАЭБде колдоо тапты

Экономика

Кыргызстан сунуштаган тарифтик жеңилдик ЕАЭБде колдоо тапты

20-майда видеоконференция форматында өткөн Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин кезектеги жыйынында 20 маселе каралып, бир катар чечимдер кабыл алынды. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти. Жыйындын алкагында спорттук тамактанууну милдеттүү маркалоо боюнча товарлардын тизмеси бекитилип, стерилдүү продукцияны өндүрүүгө коюлган талаптар күчөтүлдү. Ошондой эле ЕАЭБге импорттолгон товарларды көзөмөлдөө механизми жана

Кыргызстан менен Беларусь соода жүгүртүүнү 500 млн долларга жеткирүүнү пландоодо

Экономика

Кыргызстан менен Беларусь соода жүгүртүүнү 500 млн долларга жеткирүүнү пландоодо

Жогорку Кеңештин Төрагасы Марлен Маматалиев Санкт-Петербург шаарында өткөн КМШ Парламенттер аралык ассамблеясынын иш-чараларынын алкагында Беларусь Республикасынын Улуттук жыйынынын Республикалык кеңешинин Төрайымы Наталья Кочанова менен жолугушту. Бул тууралуу ЖКнын Басма сөз кызматынан билдиришти. Жолугушууда тараптар парламенттер аралык кызматташтыкты чыңдоо, мыйзам чыгаруу жаатында тажрыйба алмашуу жана эки өлкөнүн ортосундагы соода-

Бишкектеги №91 мектепке 750 орундуу жаңы корпус курулууда

Коом

Бишкектеги №91 мектепке 750 орундуу жаңы корпус курулууда

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасынын негизинде Бишкек шаарынын Кара-Жыгач конушундагы №91 мектепке кошумча окуу корпусу салынып жатат. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, курулуш иштери быйыл март айында башталып, республикалык бюджеттин эсебинен каржыланууда. Долбоор боюнча жалпы аянты 8234 чарчы метрди түзгөн үч кабаттуу имарат курулат. Жаңы корпуста заманбап окуу

Кыргызстанда акыркы 3 жылда 55 бөйрөк алмаштыруу операциясы жасалды

Коом

Кыргызстанда акыркы 3 жылда 55 бөйрөк алмаштыруу операциясы жасалды

Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Улан Маматканов органдардын донорлугу жана трансплантациясы боюнча эл аралык симпозиумга катышты. Бул тууралуу Өкмөттүн Басма сөз кызматынан билдиришти. Иш-чарага 10дон ашуун өлкөнүн окумуштуулары жана дарыгерлери чогулду. Улан Маматканов өз сөзүндө трансплантология тармагын өнүктүрүү заманбап технологиялардын жана эл аралык тажрыйбанын негизинде адамдардын өмүрүн сактап калууга

Караколдогу Пушкин атындагы эс алуу багы жаңыланууда

Коом

Караколдогу Пушкин атындагы эс алуу багы жаңыланууда

Курулуш министрлигинин алдындагы “Кыргызкурулуш” мамлекеттик ишканасы тарабынан Каракол шаарындагы А.С. Пушкин атындагы 7,5 гектар болгон эс алуу багы жаңыланууда. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Маалыматка ылайык, жаңылоо иштери республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, быйылкы жылдын февраль айында башталган. Учурда аймакта тамактануу жайларынын курулушу жүрүп жатат. Долбоордун алкагында паркка 12 жаңы

Бишкектин айрым жерлеринде 25-майда суу өчүрүлөт

Коом

Бишкектин айрым жерлеринде 25-майда суу өчүрүлөт

25-май күнү саат 10:00дөн 17:00гө чейин Бишкектин айрым аймактарында ичүүчү суу убактылуу өчүрүлөт. “Бишкексууканал” ишканасынын маалыматына ылайык, суу турак жайларга, мектептерге, бала бакчаларга, саламаттык сактоо мекемелерине жана башка социалдык-өнөр жай объектилерине берилбей калат. Өчүрүү аймагы Жунусалиев көчөсү, Гагарин көчөсү, Абдраимов көчөсү, Балтагулов көчөсү, Чыңгыз Айтматов проспектиси,

Кыргызстан менен WOAH кызматташтыкты чыңдоону талкуулады

Коом

Кыргызстан менен WOAH кызматташтыкты чыңдоону талкуулады

Бүткүл дүйнөлүк жаныбарлардын саламаттыгын сактоо уюмунун (WOAH) Делегаттарынын Ассамблеясынын 93-Башкы сессиясынын алкагында Кыргызстандын Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматынын директору Адилет Сотовалдиев WOAH уюмунун башкы директору Эммануэль Субейран менен жолугушту. Айыл чарба министрлигинин маалыматына ылайык, жолугушууда тараптар ветеринария тармагындагы кызматташтыкты бекемдөө, эпизоотиялык туруктуулукту камсыз кылуу жана ветеринардык

Кыргызстанда пияз, эт жана жумуртка кымбаттады

Экономика

Кыргызстанда пияз, эт жана жумуртка кымбаттады

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги Кыргызстан, Россия жана Казакстандагы азык-түлүк бааларына салыштырма мониторинг жүргүздү. Ведомствонун маалыматына ылайык, 20-майга карата жүргүзүлгөн анализге ылайык, Кыргызстанда баш пияз 2,3%, уй эти 1,3%, кой эти 1,1%, жумуртка 0,8% жана айрым ун менен макарон

Ошто 10 гектар аянтты ээлеген сейил бак курулуп жатат

Коом

Ошто 10 гектар аянтты ээлеген сейил бак курулуп жатат

Ош шаарында Ак-Буура дарыясынын жээгине жаңы заманбап сейил бак курулуп жатат. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Бүгүн шаар мэри Жанарбек Акаев Н. Исанов көчөсүндө жайгашкан курулуш объектисинин жүрүшү менен таанышты. Маалыматка ылайык, сейил бактын курулушу бир ай мурда башталган. Ал Исанов көчөсүнөн Бахапова көчөсүндөгү көпүрөгө чейинки 10 гектар аянтты камтыйт.

Кыргызстан менен Польша миграция боюнча кызматташтыкты күчөтөт

Коом

Кыргызстан менен Польша миграция боюнча кызматташтыкты күчөтөт

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинде кыргыз-поляк миграция тармагындагы кызматташтык маселелери боюнча жолугушуу өттү. Ведомствонун маалыматына ылайык, жолугушууга министрдин орун басары М. Байгончоков жана Польша Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары В. Зайончковский катышты. Тараптар миграция тармагындагы эки тараптуу кызматташтыктын учурдагы абалын жана аны өнүктүрүү келечегин талкуулап, өз ара