Саясат
Садыр Жапаров Ноокатта элдин көйгөйлөрүн укту
Президент Садыр Жапаров бүгүн Ош облусунун Ноокат районунда жергиликтүү актив жана тургундар менен түз жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу Президенттин Администрациясы билдирди. Жолугушууда тургундар таза ичүүчү суу, жолдордун абалы, мектеп жана бала бакча куруу, жер тилкелерин каттоо жана мүлктүк талаштарды чечүү маселелерин көтөрүштү. Ошондой эле жарандардын укуктарын коргоо, курулуш компанияларынын иши,