Коом
8 айда өлкөдөгү көлдөрдөн 2 тоннадай таштанды чыгарылды
2026-жылдын 8 айында суу объектилеринде 206 рейд өткөрүлгөн. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, рейддин жыйынтыгында 101 250 метр синтетикалык тор жана 1910 кг таштанды чыгарылды. Анын ичинен: • Ысык-Көлдө - 102 рейд, 40 200 метр тор жана 940 кг таштанды; • Токтогул суу сактагычында - 60 рейд, 42 250