Коом
Республика боюнча 37 068 сасык тумоо катталса, анын 73%ын балдар түзөт
Күн мурун Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти республикадагы сасык тумоо жана респиратордук вирустук инфекциялар боюнча эпидемиологиялык абалды талкуулоо үчүн ыкчам штабдын жыйынын өткөрдү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти. Жыйындын жыйынтыгында билим берүү уюмдарында алдын алуу иш-чараларын жана мониторингди күчөтүү, калкка алдын алуу чаралары жөнүндө маалымат берүүнү активдештирүү чечими