Саясат
Садыр Жапаров “Баластан” балдар борборунун курулушуна старт берди
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 13-ноябрда, Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында Талас шаарындагы “Баластан” балдардын оюн-зоок борборунун курулушуна мезгил кутусун салды. Бул тууралуу Президенттик администрациянын маалымат кызматынан билдиришти. 6,5 гектар аянтка курула турган борбор 2026-жылы пайдаланууга берилет. Ал аттракциондорду, мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн оюн зоналарын, заманбап кинотеатрды, конгресс-залды жана