Энергетика
Жалал-Абадда Кара-Көл ГЭСи расмий ачылды
Бүгүн өлкө башчы Садыр Жапаровдун катышуусунда Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарынын аймагында курулган Кара-Көл ГЭСи расмий ачылды. Жалпы кубаттуулугу 18 МВт болгон эки гидроэлектростанциянын жылдык орточо өндүрүүсү 104 млн кВт/саатты түзөт. Адистердин айтымында бул өлкөдөгү электр энергиясынын тартыштыгын болжол менен 2,5%га азайтууга жана мүмкүндүк берет.