Уулжан Бейшенбекова

Кыргызстанга байланыштуу чектөөлөр: Евробиримдиктин санкция тизмесине кимдер кирди?

Экономика

Кыргызстанга байланыштуу чектөөлөр: Евробиримдиктин санкция тизмесине кимдер кирди?

Европа Биримдиги Орусияга каршы киргизген 21-пакет санкциясында Кыргызстанга байланыштуу дагы бир катар чектөөлөрдү кабыл алды. Ага ылайык, "ЭкоИсламикБанк" менен операцияларга тыюу салынып, Кыргызстандын үч компаниясына экспорттук чектөөлөр киргизилди. Ошондой эле Бишкекте катталган A7 тармагына байланыштуу эки түзүм санкциялык тизмеге кошулду. Евробиримдиктин Кеңеши 23-июлда кабыл алган жаңы

Уулжан Бейшенбекова
Инвестиция салуудан мурун эске алчу жагдайлар — Финкөзөмөлдүн эскертүүсү

Экономика

Инвестиция салуудан мурун эске алчу жагдайлар — Финкөзөмөлдүн эскертүүсү

Каржы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы жарандарды лицензиясы жок компаниялар сунуштаган "инвестициялык насыя" же "инвестициялоо келишимдерине" этият мамиле кылууга чакырды. Мекеменин маалыматына ылайык, мындай сунуштар мыйзамсыз болушу мүмкүн. Айрыкча, эгер компаниялар 20% жана андан жогору кепилденген киреше убада кылса, алардын ишмердүүлүгүн кылдат текшерүү зарыл. Белгиленгендей,

Уулжан Бейшенбекова
Чоң-Алайда экологиялык мыйзам бузуулар үчүн 40 миң сом айып пул салынды

Коом

Чоң-Алайда экологиялык мыйзам бузуулар үчүн 40 миң сом айып пул салынды

Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн Кызыл-Эшме тилкесинде белгиленбеген жерге таштанды таштоо жана унаадан ченемден ашык уулуу газ бөлүнүп чыккан учурлар аныкталды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти. Аталган мыйзам бузуулар үчүн административдик чара колдонулду. Тактап кетсек, бир кызматтык унаадан зыяндуу булгоочу заттардын көлөмү белгиленген ченемден ашканы

Уулжан Бейшенбекова
Психиатрия жана наркология борборуна аймактарга дары жеткирүү үчүн унаа берилди

Коом

Психиатрия жана наркология борборуна аймактарга дары жеткирүү үчүн унаа берилди

Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасы Республикалык психиатрия жана наркология борборуна заманбап жол тандабас унаа берди. Маалыматка ылайык, жаңы унаа дары-дармектерди жана медициналык каражаттарды өзгөчө алыскы аймактардагы дарылоо жайларына өз убагында жеткирүүгө мүмкүнчүлүк берет. Адистердин айтымында, опиоиддерге көз карандылыкты дарылоодо дары-дармектерди үзгүлтүксүз кабыл алуу маанилүү. Эгер убагында жеткизилбей калса,

Уулжан Бейшенбекова
Караколдо мамлекеттик тил талаптарына ылайык келбеген жарнамалар оңдолот

Коом

Караколдо мамлекеттик тил талаптарына ылайык келбеген жарнамалар оңдолот

23-июлда Каракол шаарында мамлекеттик тил жөнүндө мыйзамдардын талаптарынын аткарылышын көзөмөлдөө максатында текшерүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу калаа мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. Иш-чарага президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн социалдык бөлүмүнүн башчысы Асангазы кызы Элнура, мэриянын мамлекеттик тил боюнча комиссиясынын мүчөлөрү жана Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын облустук

Уулжан Бейшенбекова
Улуттук банк: өлкөдө нак акчанын көлөмү былтыркыдан 33 млрд сомго өстү

Экономика

Улуттук банк: өлкөдө нак акчанын көлөмү былтыркыдан 33 млрд сомго өстү

Кыргызстанда жүгүртүүдөгү акчанын жалпы көлөмү 1-июлга карата 317 млрд 26,2 млн сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди. Маалыматка ылайык, жүгүртүүдөгү акчанын ичинен 31 млрд 20,3 млн сом коммерциялык банктардын кассаларында, ал эми 286 млрд 5,9 млн сом банк тутумунан тышкары колдонууда болгон. Өткөн жылдын ушул

Уулжан Бейшенбекова
Таласта бизнес чөйрөсүндө мыйзамдуулукту камсыз кылуу маселеси талкууланды

Коом

Таласта бизнес чөйрөсүндө мыйзамдуулукту камсыз кылуу маселеси талкууланды

Талас облусунун прокуратурасында Ишкерлердин жана инвесторлордун укуктарын коргоо боюнча консультативдик кеңештин кезектеги жыйыны өттү. Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдиргендей, иш-чарага жергиликтүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, Салык кызматынын, Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын, архитектуралык-курулуш көзөмөлүнүн, санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл кызматтарынын өкүлдөрү, ошондой эле жеке ишкерлер катышты. Жыйындын жүрүшүндө аймактагы ишкердикти

Уулжан Бейшенбекова
Чаек айылында ипотекалык турак жай курууга жер тилкеси бөлүндү

Коом

Чаек айылында ипотекалык турак жай курууга жер тилкеси бөлүндү

Жумгал районунда ипотекалык турак жайларды куруу үчүн жер тилкеси бөлүндү. Бул тууралуу президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү билдирди. Маалыматка ылайык, 23-июлда президенттин Нарын облусундагы өкүлү Нурбек Сатаров Жумгал районуна барып, Чаек айылындагы ипотекалык турак жай курууга бөлүнгөн аймакты көрдү. Долбоордун алкагында район борбору Чаек айылынан жалпы аянты 1

Уулжан Бейшенбекова
Кыргызстанда жана коңшу мамлекеттерде көп азык-түлүктөр кымбаттады

Экономика

Кыргызстанда жана коңшу мамлекеттерде көп азык-түлүктөр кымбаттады

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги Кыргызстандын жана коңшу Орусия менен Казакстанда азык-түлүктөрдүн бааларына салыштырма мониторинг жүргүздү. Министрликтин басма сөз кызматы билдиргендей, Кыргызстанда айрым негизги азык-түлүктөрдүн наркы өстү. Тактап айтканда, пияздын баасы 3,5%, сабиз 3%, тоок жумурткасы 2,7%, таңгакталган макарон азыктары 0,

Уулжан Бейшенбекова
“Даяр лицензия сатылат”: министрлик ортомчуларга ишенбөөгө чакырды

Коом

“Даяр лицензия сатылат”: министрлик ортомчуларга ишенбөөгө чакырды

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги жарандарды курулуш лицензиясын ортомчуларсыз, мыйзам талаптарына ылайык алууга чакырды. Маалыматка ылайык, учурда социалдык тармактарда “Даяр лицензия сатылат”, “Лицензияны тез алып беребиз” деген сунуштар чыгып жатат. Министрлик мындай билдирүүлөргө ишенүү олуттуу тобокелдиктерге алып келиши мүмкүн экенин айтты. Белгиленгендей, курулуш лицензиясын алуу иштери толугу

Уулжан Бейшенбекова
Ысык-Көлдөн алты айда 50 миң метрден ашык балык уулоочу тор чыгарылды

Коом

Ысык-Көлдөн алты айда 50 миң метрден ашык балык уулоочу тор чыгарылды

2026-жылдын алты айында Ысык-Көлдөн 50 миң метрден ашык синтетикалык балык уулоочу торлор чыгарылды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти. Министрликтин Ысык-Көл аймактык башкармалыгынын башчысы Кылычбек Тентимишевдин айтымында, 2025-жылы бир жыл ичинде көлдөн 47,5 миң метр тор чыгарылса, быйыл 6 айда бул

Уулжан Бейшенбекова
Милиция Ак-Талаада иштеген чет өлкөлүктөргө мыйзам талаптарын түшүндүрдү

Коом

Милиция Ак-Талаада иштеген чет өлкөлүктөргө мыйзам талаптарын түшүндүрдү

Ак-Талаа районунда Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун жана Нарын-Баетов унаа жолун куруп жаткан чет өлкөлүк жарандар арасында алдын алуу иш-чарасы өттү. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка ылайык, чет өлкөлүк жарандарга өлкө аймагында жүрүү жана каттоо эрежелерин сактоо, коомдук тартипти бузбоо, жол кыймылынын эрежелерин так

Уулжан Бейшенбекова