Уулжан Бейшенбекова

Кыргыз делегациясы Сингапурда каржы институттары менен жолугушту

Экономика

Кыргыз делегациясы Сингапурда каржы институттары менен жолугушту

Кыргызстандын өкүлдөрү Сингапурда эл аралык рейтинг агенттиги, каржы институттары жана инвесторлор менен жолугушууларды өткөрдү. Бул тууралуу Экономика министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Жолугушууларда Кыргызстандын экономикалык өсүшү, инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү, жүргүзүлүп жаткан реформалар жана эл аралык капиталга чыгуу маселелери талкууланды. Кыргыз тарап Moody’s өкүлдөрүнө өлкөдөгү макроэкономикалык көрсөткүчтөр, өнөр жайдын, туризмдин өнүгүшү,

Уулжан Бейшенбекова
Бишкекте этке үстөк акы кошпой сата турган 10 көчмө соода унаасы ишке кирет

Коом

Бишкекте этке үстөк акы кошпой сата турган 10 көчмө соода унаасы ишке кирет

Бишкекте калкка жеткиликтүү баада эт сатуу үчүн заманбап көчмө фудтрактарды ишке киргизүү долбоору башталды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады. Маалыматка ылайык, фудтрактар "Кыргыз Агрохолдинг" тарабынан даярдалып, калаа мэриясы менен биргеликте шаардын бардык райондоруна жайгаштырылат. Сыноо иретинде 10

Уулжан Бейшенбекова
Жергиликтүү бийлик аймактарда кошумча дем алыш күндөрүн белгилей алат

Саясат

Жергиликтүү бийлик аймактарда кошумча дем алыш күндөрүн белгилей алат

Президент Садыр Жапаров айрым аймактарында кошумча дем алыш күндөрдү белгилөө маселесин убактылуу укуктук жөнгө салуу жөнүндө жарлыкка кол койду. Ага ылайык, 2026-жылдын 15-июлунан тартып 2027-жылдын 1-июлуна чейин Министрлер кабинетине тиешелүү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашуу аркылуу айрым аймактарда кошумча дем алыш күндөрдү белгилөө укугу

Уулжан Бейшенбекова
Бажычылар 28 миң долларды өлкөдөн мыйзамсыз алып чыгууга бөгөт коюшту

Коом

Бажычылар 28 миң долларды өлкөдөн мыйзамсыз алып чыгууга бөгөт коюшту

Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлери "Манас" эл аралык аэропортунда чет өлкөлүк валютадагы акча каражаттарын мыйзамсыз алып чыгуу фактысын аныктады. Маалыматка ылайык, бажы көзөмөлүнөн өтүү учурунда Өзбекстандын жараны Кыргызстандан белгиленген талаптарды бузуу менен 28 миң 160 долларды алып чыгууга аракет кылган. Аталган факты боюнча Мамлекеттик бажы кызматынын Тергөө башкармалыгы тарабынан

Уулжан Бейшенбекова
Алматы–Тамчы багыты боюнча жайкы аба каттамдары жанданды

Транспорт

Алматы–Тамчы багыты боюнча жайкы аба каттамдары жанданды

"Асман Эйрлайнс" авиакомпаниясы "Компас" тур оператору менен биргеликте Алматы – Тамчы – Алматы багыты боюнча 2026-жылдагы жайкы алгачкы эл аралык каттамын аткарды. Маалыматка ылайык, "Ысык-Көл" эл аралык аэропортунда алгачкы жүргүнчүлөрдү салтанаттуу тосуп алуу аземи уюштурулду. Конокторго кыргыз элинин меймандостугу көрсөтүлдү. Тамчы – Алматы – Тамчы багыты

Уулжан Бейшенбекова
Кыргызстан тоо-кен тармагына чет өлкөлүк инвестиция тартуу боюнча меморандумга кол койду

Саясат

Кыргызстан тоо-кен тармагына чет өлкөлүк инвестиция тартуу боюнча меморандумга кол койду

Инвестициялар боюнча улуттук агенттик менен "Alvarez & Marsal Kazakhstan" компаниясы Кыргызстанга чет өлкөлүк инвестицияларды тартуу жаатындагы кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча меморандумга кол коюшту. Улуттук агенттиктин маалыматына ылайык, меморандумдун негизги максаты – өнөктөштүк мамилелерди өнүктүрүү жана тоо-кен тармагына, стратегиялык мааниге ээ минералдык ресурстарды өздөштүрүү, казып алуу жана кайра иштетүү боюнча

Уулжан Бейшенбекова
Ошто тазалык кызматына 5 миң сомдон ашык карызы барларга соттук чара көрүлөт

Коом

Ошто тазалык кызматына 5 миң сомдон ашык карызы барларга соттук чара көрүлөт

Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев "Ош-Тазалык" муниципалдык ишканасынын жетекчиси Жылдызбек Көчкөновду кабыл алды. Бул тууралуу калаа мэриясынан билдиришти. Жолугушууда шаардын санитардык абалы, таштанды чыгаруу кызматы жана абоненттик базаны кеңейтүү маселелери каралды. Мэр учурда расмий катталган абоненттердин саны 387 миңден ашканын, бирок шаарда жашаган калктын реалдуу саны кыйла

Уулжан Бейшенбекова
Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолу боюнча сүйлөшүүлөр өттү

Транспорт

Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолу боюнча сүйлөшүүлөр өттү

10-июлда Кыргызстан менен Кытайдын темир жол тармагынын өкүлдөрү жолугушуп, Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жол долбоорун ишке ашыруу маселелери талкуулашты. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти. Жолугушууга транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Алмаз Тургунбаев жана Кытай темир жол корпорациясынын башкармалыгынын мүчөсү Ван Цзиньси баштаган өкүлдөр катышты. Тараптар долбоордун

Уулжан Бейшенбекова
Ак-Талаада экологиялык мыйзамдарды бузган 4 жаран аныкталды

Коом

Ак-Талаада экологиялык мыйзамдарды бузган 4 жаран аныкталды

Ак-Талаа районунда жүргүзүлгөн рейд учурунда уруксат кагазы жок аңчылык куралын колдонуп жүргөн жаран аныкталды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги билдирди. Нарын регионалдык башкармалыгынын маалыматына ылайык, Жылаңач жайлоосунан аңчылык куралын мыйзамсыз колдонуп жүргөн Кеңеш айылынын тургуну М.А.К. кармалган. Алынган курал Ак-Талаа райондук ички

Уулжан Бейшенбекова
Эл аралык издөөдө 12 жылдан бери жүргөн оор кылмышка шектүү кармалды

Коом

Эл аралык издөөдө 12 жылдан бери жүргөн оор кылмышка шектүү кармалды

Ички иштер министрлиги Түркиянын укук коргоо органдары менен биргеликте жүргүзгөн операциянын жыйынтыгында 12 жылдан бери издөөдө жүргөн жаран кармалып, Кыргызстанга жеткирилди. ИИМдин маалыматына ылайык, Стамбул шаарында 1990-жылы туулган А.Ш. аттуу жаран кармалган. Ал Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренесинде каралган (алдын ала сүйлөшүп алган адамдар тобу тарабынан

Уулжан Бейшенбекова
ИИМ чет өлкөлүк жарандарга коомдук тартипти сактоо талаптарын түшүндүрдү

Коом

ИИМ чет өлкөлүк жарандарга коомдук тартипти сактоо талаптарын түшүндүрдү

Чет өлкөлүк жарандар арасында мыйзам бузуулардын алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, иш-чаранын негизги максаты — өлкөдөгү коомдук-саясий туруктуулукту сактоо, улуттар аралык ынтымакты бекемдөө жана чет өлкөлүктөр менен жергиликтүү тургундардын ортосундагы мүмкүн болгон чыр-чатактардын алдын алуу. Жолугушуулар

Уулжан Бейшенбекова
Бишкектин айрым аймактарында убактылуу суу берилбейт

Коом

Бишкектин айрым аймактарында убактылуу суу берилбейт

10-июлда саат 09:00 чамасында ХБО суу топтомосунда электр тармагына байланыштуу өзгөчө кырдаал катталды. Бул тууралуу "Бишкексууканал" муниципалдык ишканасы маалымдады. Кырдаалга байланыштуу борбор калаанын айрым райондорунда суу берүү убактылуу чектелди. Суу жок болгон аймактар төмөнкү көчөлөр менен чектелген: Чыгыш ЧЧК – Анкара көчөсү – Кыдыр-Аке көчөсү – Оберон көчөсү

Уулжан Бейшенбекова