Уулжан Бейшенбекова

Эмгек акыны баалардын өсүшүнө жараша көбөйтүү каралууда

Коом

Эмгек акыны баалардын өсүшүнө жараша көбөйтүү каралууда

Жогорку Кеңештин Эмгек, саламаттык сактоо, аялдар иштери жана социалдык маселелер боюнча комитети 15-июнда эмгек акыны индексациялоого байланыштуу мыйзам долбоорун экинчи окууда жактырды. Парламенттин басма сөз кызматы белгилегендей, мыйзам долбоору кызматкерлердин эмгек акысынын чыныгы наркын сактоо жана инфляциянын таасирин азайтуу максатында иштелип чыккан. Демилгечилер – эл өкүлдөрү Гульнара Акимбаева, Равшанбек Рысбаев,

Уулжан Бейшенбекова
"Түндүк" тиркемесине "Шайлоочунун кабинети" кызматы кошулду

Коом

"Түндүк" тиркемесине "Шайлоочунун кабинети" кызматы кошулду

"Түндүк" мобилдик тиркемесинде "Шайлоочунун кабинети" аттуу жаңы санариптик кызмат ишке киргизилди. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы билдирди. Жаңы кызмат жарандарга шайлоо тилкеси тууралуу маалыматты онлайн режимде алууга, буга чейин берилген арыздарды көрүүгө жана каттоосу кайда которулганын текшерүүгө мүмкүнчүлүк берет. Буга чейин "Шайлоочунун кабинети" өзүнчө

Уулжан Бейшенбекова
Кыргыз тарап кытайлык ишкерлерге инвестициялык долбоорлорду сунуштады

Саясат

Кыргыз тарап кытайлык ишкерлерге инвестициялык долбоорлорду сунуштады

15-июнда Кытайдын Циндао шаарында президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү Бакыт Төрөбаев Шаньдун провинциясынын ишкер чөйрөсүнүн өкүлдөрү менен бизнес-жолугушууга катышты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. Жолугушууда тараптар Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүү маселелерин талкуулашты. Бакыт Төрөбаев Кыргызстанда инвестиция тартуу жана бизнес

Уулжан Бейшенбекова
Министр Караколдогу тарых музейин жаңылоо иштерин текшерди

Коом

Министр Караколдогу тарых музейин жаңылоо иштерин текшерди

Каракол шаарындагы тарыхый музейде толук реконструкция иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министринин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, долбоор жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржыланып, жалпы наркы 159 млн сомду түзөт. "Кыргызкурулуш" мамлекеттик ишканасы учурда объектте оңдоп-түзөө жана калыбына келтирүү иштерин улантууда.

Уулжан Бейшенбекова
Аксыда 908,2 млн сомдук сугат суу долбоору ишке ашууда

Коом

Аксыда 908,2 млн сомдук сугат суу долбоору ишке ашууда

Президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлү Тилек Текебаев Аксы районунда курулуп жаткан Ак-Терек каналынын курулуш иштери менен таанышты. Өкүлчүлүктүн маалыматына ылайык, Падыша-Ата дарыясынан башталган бул ири ирригациялык объект аймактагы сугат суу тартыштыгын жоюуга багытталган. Долбоордун жалпы наркы 908,2 млн сомду түзөт. Канал толук ишке берилсе 3400 гектар жаңы

Уулжан Бейшенбекова
Эмгек чөйрөсүндөгү басым жана куугунтук маселеси талкууланды

Коом

Эмгек чөйрөсүндөгү басым жана куугунтук маселеси талкууланды

Жогорку Кеңештин төрагасынын алдындагы Аялдардын, балдардын укуктарын коргоо жана гендердик теңчилик боюнча кеңештин 15-июндагы кезектеги отурумунда эмгек чөйрөсүндөгү зомбулук жана куугунтук маселеси каралды. Парламенттин басма сөз кызматы билдиргендей, жыйында эмгек чөйрөсүндөгү зомбулук боюнча улуттук изилдөөнүн концепциясы сунушталды. Отурумга депутаттар, мамлекеттик органдардын, эл аралык уюмдардын жана жарандык коомдун өкүлдөрү катышты.

Уулжан Бейшенбекова
Тоголок алтын кени өлкөнүн өз каражаты менен иштетиле баштады

Коом

Тоголок алтын кени өлкөнүн өз каражаты менен иштетиле баштады

Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу ири Тоголок алтын кени өлкөнүн өз күчү жана каржылоосу менен өздөштүрүлө баштады. Долбоорду "Кумтөр Оперейтинг Компани" ишке ашырууда. Ишкананын маалыматына караганда, кен деңиз деңгээлинен 4 000 метр бийиктикте жайгашкан Ак-Шыйрак тоо кыркалары аймагында болгондуктан иштетилбей келген. Учурда кыртышты ачуу иштери жүрүүдө. Алдыдагы 1–

Уулжан Бейшенбекова
Өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 374,7 млрд сомго жетти

Коом

Өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 374,7 млрд сомго жетти

2026-жылдын январь-май айларында өнөр жай продукциясын өндүрүүнүн көлөмү 374,7 млрд сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди. Маалыматка ылайык, физикалык көлөмдүн индекси 2025-жылдын январь-май айларына карата 114,4%ды түздү. Өнөр жай өндүрүшүнүн 2025-жылдын январь-май айларына салыштырмалуу өсүшү: негизги металлдардын 12,4%

Уулжан Бейшенбекова
Жогорку Кеңеш кыймылсыз мүлктү каттоо боюнча мыйзам долбоорун жактырды

Коом

Жогорку Кеңеш кыймылсыз мүлктү каттоо боюнча мыйзам долбоорун жактырды

Жогорку Кеңештин жыйынында «Кыймылсыз мүлккө жана аны менен болгон бүтүмдөрдү укуктарды мамлекеттик каттоо жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору биринчи окууда каралып, жактырылды. Демилгечи депутат Дастан Бекешев белгилегендей, мыйзам долбоорунун максаты — кыймылсыз мүлккө каттоо аракеттерине өзүнө-өзү тыюу салуу механизмин киргизүү аркылуу жарандардын мүлктүк укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоону

Уулжан Бейшенбекова
Бишкекте аткаминерге пара алуу боюнча кылмыш иши козголду

Коом

Бишкекте аткаминерге пара алуу боюнча кылмыш иши козголду

Бишкек шаарында Свердлов райондук муниципалдык администрациясынын кызматкерине карата кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Маалыматка ылайык, шаар прокуратурасы тарабынан жарандардын кайрылууларынын негизинде текшерүү жүргүзүлгөн. Текшерүүнүн жүрүшүндө кызматкер К.Ы.М. жеке ишкерден кызматтык абалын кыянаттык менен пайдаланып, системалуу түрдө акча алып жүргөн. Натыйжада жеке ишкерден мыйзамсыз жалпы 195

Уулжан Бейшенбекова
Өлкөнүн ички дүң жыйымы 12,2%га өстү

Экономика

Өлкөнүн ички дүң жыйымы 12,2%га өстү

2026-жылдын январь–май айларынын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын ички дүң өнүмүнүн (ИДП) көлөмү 781 миллиард 61,4 миллион сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди. Маалыматка ылайык, бул көрсөткүч 2025-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 12,2%га өскөн. Ал эми апрель айынын жыйынтыгы боюнча өсүш 12,4%ды түзгөн.

Уулжан Бейшенбекова
Франциялык компания Манас шаарына асма жол курууну сунуштады

Коом

Франциялык компания Манас шаарына асма жол курууну сунуштады

Франциялык компания Манас шаарына асма жол куруу долбоорун сунуштады. Бул тууралуу калаа мэриясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, шаар мэри Абдупата Маткаликов француздук компаниянын Борбор Азия жана Батыш Балкан аймагындагы коммерциялык директору Орхан Ширин баштаган делегацияны кабыл алып, тараптар инвестициялык долбоорлорду талкуулашты. Жолугушууда асма жол куруу демилгеси расмий түрдө сунушталып, ал ишке

Уулжан Бейшенбекова