Уулжан Бейшенбекова

Кыргызстан менен Индия экономикалык кызматташтыкты кеңейтет

Экономика

Кыргызстан менен Индия экономикалык кызматташтыкты кеңейтет

3-июнда экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков ШКУга мүчө мамлекеттердин өнөр жай министрлеринин кеңешмесине катышуу үчүн Кыргызстанга келген Индиянын оор жана болот өнөр жай министри Кумарасвами Хараданахалли Девегоуда менен жолугушту. Жолугушууда тараптар эки өлкөнүн соода-экономикалык кызматташтыгын кеңейтүү маселелерин талкуулашты. Бакыт Сыдыков энергетика, жашыл экономика, индустриялаштыруу жана агроөнөр жай

Адылбек Касымалиев Баткендеги ири долбоорлор менен таанышты

Коом

Адылбек Касымалиев Баткендеги ири долбоорлор менен таанышты

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Баткенге болгон жумуш сапарынын алкагында Бүргөндү магистралдык каналындагы оңдоп-түзөө иштеринин жүрүшүн жана “Охна” чакан ГЭСинин курулушун көрүп чыкты. Кадамжай районундагы Бүргөндү магистралдык каналын кайтадан жабдып, суу өткөрүү мүмкүнчүлүгүн 18 м³/секундадан 30 м³/секундага чейин көбөйтүү мерчемделүүдө. Долбоор көлөмүнүн чоңдугуна байланыштуу үч үлүшкө бөлүнүп

Кыргыз-жапон парламенти соода-инвестициялык  алаканы чыңдайт

Саясат

Кыргыз-жапон парламенти соода-инвестициялык алаканы чыңдайт

Жапониядагы иш сапарынын алкагында "Ала-Тоо" депутаттык тобунун жетекчиси Талайбек Масабиров баштаган эл өкүлдөрү Жапония-Кыргызстан парламенттик достук лигасынын төрагасы Ген Накатани жана Жапония парламентинин депутаттары менен кеңейтилген форматта жолугушуу өткөрдү. Анда саясий-экономикалык, соода-инвестициялык байланыштарды өнүктүрүү жана парламенттер аралык алакаларды чыңдоо маселелери талкууланды. Тараптар парламенттик дипломатия

Суу кодексине сунушталган өзгөртүүлөр колдоо тапты

Коом

Суу кодексине сунушталган өзгөртүүлөр колдоо тапты

3-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында «Суу кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды. Демилгечи — Министрлер кабинетинин төрагасы. Мыйзам долбоору боюнча баяндама жасаган өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Нурбек Жумалиевдин айтымында, документ калктуу конуштардагы, анын ичинде шаарлардагы дренаждык системалардын иштешин жакшыртууга жана сел, суу ташкыны сыяктуу өзгөчө кырдаалдардын

Кыргызстан менен ЕРӨБ кызматташууну кеңейтет

Коом

Кыргызстан менен ЕРӨБ кызматташууну кеңейтет

3-июнда Финансы министрлигинде министр Руслан Суйналиев менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (ЕРӨБ) Кыргыстан , Тажикстан жана Түркмөнстан боюнча регионалдык жетекчиси Айтен Рустамованын жолугушуусу болуп өттү. Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен ЕРӨБдүн ортосундагы кызматташуунун учурдагы абалы жана келечектеги багыттары талкууланды. Тараптар Алкактык макулдашуунун долбоору, ошондой эле Ош шаарындагы коомдук транспортту электрлештирүү

Нарында жаңы калкты тейлөө борбору курулууда

Коом

Нарында жаңы калкты тейлөө борбору курулууда

Ак-Талаа районунун Баетов айылында заманбап калкты тейлөө борборунун курулушу жүрүп жатат. Долбоор Курулуш министрлиги тарабынан республикалык бюджеттин эсебинен ишке ашырылууда. Маалыматка ылайык, имарат параллелдүү долбоорлоо ыкмасы менен курулуп, жалпы аянты 2215 чарчы метрди түзөт. Борбор жер төлөсү менен кошо үч кабаттан туруп, жарандарды кабыл алуу жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү

Ошто алгачкы Жаштар борбору ачылды

Коом

Ошто алгачкы Жаштар борбору ачылды

3-июнда Ошто биринчи муниципалдык Жаштар борбору ачылды. Бул мекеме БУУнун Өнүктүрүү программасынын колдоосу менен курулуп, жаштар үчүн көп багыттуу билим берүү жана өнүгүү аянты катары иштейт. Үч кабаттуу имаратта тил курстары, кулинария мектеби, робототехника, шахмат жана лидерлик сабактары уюштурулган. Ошондой эле конференц-зал иштеп, ар кандай иш-чараларды өткөрүүгө

Түндүк–Түштүк альтернативдик унаа жолу таштардан тазаланды

Коом

Түндүк–Түштүк альтернативдик унаа жолу таштардан тазаланды

Транспорт жана коммуникациялар тармагынын кызматкерлери Түндүк–Түштүк альтернативдик унаа жолун таштардан тазалашты. Бул тууралуу министрликтен билдиришти. Натыйжада жол кыймылы толугу менен калыбына келтирилип, учурда каттам ачык. Жамгырлуу аба ырайына байланыштуу Түндүк–Түштүк альтернативдик унаа жолунун 243–296-чакырым аралыгында таш көчкү түшүп, жол кыймылына коркунуч жараткан. Маалыматка ылайык, аталган жолдун

Таза суу, коопсуздук жана санариптештирүү маселелери көтөрүлдү

Коом

Таза суу, коопсуздук жана санариптештирүү маселелери көтөрүлдү

3-июндагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар ар кыл социалдык-экономикалык көйгөйлөрдү көтөрүшүп, өзгөчө таза суу менен камсыздоо, коопсуздук, айыл чарбасын колдоо жана санариптик өнүгүү маселелерине көңүл бурушту. Жыйында жаңы Ош базарынын инфраструктурасын өнүктүрүү алкагында канализация жана саркынды сууларды чыгаруу системасын уюштуруу маселеси талкууланды. Ошондой эле Сокулук районундагы калктуу конуштарды борборлоштурулган

Чүйдө жол куруу иштеринин сапаты текшерилди

Коом

Чүйдө жол куруу иштеринин сапаты текшерилди

Бишкек – Аламүдүн – Ысык-Ата унаа жолунда жүргүзүлүп жаткан курулуш иштеринин сапатына көзөмөл күчөтүлүүдө. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги билдирди. Көзөмөлдүн натыйжасында жол катмарынын сапатын аныктоо үчүн керн үлгүлөрү алынып, лабораториялык сыноого жөнөтүлдү. Жыйынтыгы аркылуу иштердин долбоордук документтерге, курулуш нормаларына жана техникалык регламенттерге шайкештиги бааланат. Маалыматка

Кыргыз-австрия кызматташтыгы: Глобалдык тоо саммити талкууланды

Коом

Кыргыз-австрия кызматташтыгы: Глобалдык тоо саммити талкууланды

Нью-Йоркто кыргыз-австрия кызматташтыгынын учурдагы абалы жана келечеги талкууланды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, 2-июнда Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Австриянын Европалык жана эл аралык иштер боюнча федералдык министри Беате Майнль-Райзингер менен жолукту. Аталган жолугушуу үстүбүздөгү жылдын 10-апрелинде австриялык тараптын демилгеси менен

Жеңил өнөр жай өндүрүмдөрүн маркалоо маселелери талкууланды

Коом

Жеңил өнөр жай өндүрүмдөрүн маркалоо маселелери талкууланды

Жеңил өнөр жай өндүрүмдөрүн ташып чыгарууда маркалоо жана шайкештигин тастыктоо талаптарын аткаруу маселелери 2-июнда Экономика жана коммерция министрлигинде өткөн кеңешмеде талкууланды. Иш-чарага Селлерлер жана маркетплейстер ассоциациясынын өкүлдөрү, жеңил өнөр жай ишканалары жана шайкештикти баалоо органдары катышты. Аларга өндүрүм түрүнө жараша сыноолорду жүргүзүү, шайкештикти баалоо жана маркалоону колдонуу тартиби