Саясат
Эл аралык уюмдун адиси менен мамлекеттик аудитти өнүктүрүү талкууланды
Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинде Жогорку аудит органдарынын эл аралык уюмунун Өнүктүрүү демилгесинин (IDI) эксперти Бенжамин Фуэнтес Кастро менен жолугушуу өттү. Жолугушууга Агенттиктин директорунун орун басарлары Руслан Кубаталиев жана Барчынай Садирова, башкармалыктардын жана түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилери менен адистери, ошондой эле Эсептөө палатасынын өкүлдөрү катышты.