Коом
Садыр Жапаров Корея менен экономикалык өнөктөштүктү күчөтүүгө чакырды
Президент Садыр Жапаров 16-сентябрда Корея Республикасына расмий сапарынын алкагында Сеул шаарында өткөн "Борбордук Азия - Корея Республикасы" биринчи саммитинде сөз сүйлөдү. Бул тууралуу президенттин администрациясы билдирди. Мамлекет башчысы Борбордук Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы өз ара ишеним жана аймактык кызматташтык күчөп жатканын белгилеп, Корея Республикасын аймактын ишенимдүү өнөктөшү деп атады.