акыркы жаңылыктар

Негизги капиталга салынган инвестициялар 204,4 млрд сомго жетти

Экономика

Негизги капиталга салынган инвестициялар 204,4 млрд сомго жетти

Кыргызстанда 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгында негизги капиталга инвестициялардын көлөмү 204 миллиард 400 миллион сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин төрагасы Бактыбек Кудайбергенов билдирди. Маалыматка ылайык, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу инвестициялардын көлөмү ички жана тышкы каржылоо булактарынын көбөйүшүнүн эсебинен өстү. Тактап айтканда, ички инвестициялар 1,5 эсеге көбөйүп,

Уулжан Бейшенбекова
Бишкектин айрым жерлеринде газ өчүрүлөт

Энергетика

Бишкектин айрым жерлеринде газ өчүрүлөт

Бишкектин айрым жерлеринде 15-июлдан 17-июлга чейин жаратылыш газын берүү убактылуу токтотулат. Бул тууралуу “Газпром Кыргызстан” ишканасынан билдиришти. Маалыматка ылайык, газдын өчүрүлүшү жер астындагы газ түтүктөрүн кайра туташтыруу иштерин жүргүзүү үчүн өчүрүлөт.  Буга байланыштуу көгүлтүр от Чоң Чүй каналы, Фучик, Дорожная, Юбилейная көчөлөрү, Ала-Арча дарыясы, Пригородная көчөсү, Жаш

Сапар Акунбеков
Бишкек менен Чанша шаардык инфраструктураны өнүктүрүүдө тажрыйба алмашат

Коом

Бишкек менен Чанша шаардык инфраструктураны өнүктүрүүдө тажрыйба алмашат

Бишкек шаарында борбор калаанын жетекчилиги Кытайдын Чанша шаарынын делегациясы менен жолугушуп, боордош шаарлар мамилесин түзүү жана шаарларды өнүктүрүү жаатындагы кызматташтыкты кеңейтүү маселелерин талкуулады. Мэриянын маалыматына ылайык, жолугушууга Бишкек шаарынын мэринин биринчи орун басары Кубанычбек Иманалиев жана Чанша шаарынын Элдик өкмөтүнүн Тышкы иштер боюнча канцеляриясынын директорунун орун басары Дуань Хайбо жетектеген

Айгерим Качкынбекова
Кыргызстан менен Өзбекстан товар жүгүртүүнү көбөйтүүнү талкуулады

Экономика

Кыргызстан менен Өзбекстан товар жүгүртүүнү көбөйтүүнү талкуулады

Экономика жана коммерция министрлигинде Кыргызстандын экономика жана коммерция министринин орун басары Султан Ахматов менен Өзбекстандын инвестициялар, өнөр жай жана соода министринин орун басары Хуррам Тешабаев жолугушуп, эки өлкөнүн соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыгын өнүктүрүү маселелерин талкуулашты. Ведомствонун маалыматына ылайык, жолугушууда эки мамлекеттин башчылары жетишкен макулдашууларды ишке ашыруунун жүрүшү жана аларды

Айгерим Качкынбекова
Миң-Кушта көмүрдү жууй турган завод курулууда

Коом

Миң-Кушта көмүрдү жууй турган завод курулууда

Нарын облусунун Миң-Куш аймагында көмүрдү жууп, сапатын жакшыртуучу заманбап заводдун курулушу кызуу жүрүп жатат. Бул тууралуу “Кыргызкөмүр” ишканасынан билдиришти. Маалыматка ылайык, курулуш иштери ушул жылдын октябрь айында аяктоо пландалууда. Завод ишке кирген соң көмүрдү кайра иштетүү тармагында жаңы мүмкүнчүлүктөр ачылып, жергиликтүү тургундар үчүн жаңы жумуш орундарын түзүүгө, ошондой эле

Сапар Акунбеков
Чаткалдагы тоо-кен компанияларында лицензиялык документтердин жоктугу аныкталды

Коом

Чаткалдагы тоо-кен компанияларында лицензиялык документтердин жоктугу аныкталды

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы эки тоо-кен компаниясында лицензиялоого чейинки текшерүү жүргүзүп, калдыктарды сактоочу жайларды пайдаланууда бир катар мыйзам бузууларды аныктады. Министрликтин маалыматына ылайык, лицензиялоого чейинки текшерүү "Фулл Голд Майнинг" ЖЧКсында жана "Эти Бакыр Терексай" ЖЧКсында жүргүзүлдү. Текшерүүнүн

Айгерим Качкынбекова
Кыргызстан АКШнын "Trade Over Aid" демилгесин колдой турганын билдирди

Экономика

Кыргызстан АКШнын "Trade Over Aid" демилгесин колдой турганын билдирди

Экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков Нью-Йоркто өткөн Туруктуу өнүгүү боюнча Жогорку деңгээлдеги саясий форумда сүйлөп, Кыргызстан АКШнын "Trade Over Aid" ("Жардамдын ордуна соода") демилгесин колдой турганын билдирди. Ведомствонун маалыматына ылайык, министр Бакыт Сыдыков демилгенин негизги принциптери Кыргыз Республикасынын 2030-жылга чейинки Улуттук өнүгүү программасына

Айгерим Качкынбекова
Кыргызстандын экономикасы жарым жылда 11,9% өстү

Экономика

Кыргызстандын экономикасы жарым жылда 11,9% өстү

2026-жылдын январь–июнь айларында Кыргызстандын экономикасында оң өсүш байкалды. Алдын ала маалымат боюнча, ички дүң продукт (ИДӨ) 960 млрд сомду түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 11,9%га көбөйдү. Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, өнөр жай продукциясынын көлөмү 450,4 млрд сомго жетип, өндүрүштүн физикалык көлөмүнүн индекси 112,

Ишкер Media
Бишкекте көрктөндүрүү талаптарын бузган бир катар курулуштар токтотулду

Коом

Бишкекте көрктөндүрүү талаптарын бузган бир катар курулуштар токтотулду

Бишкек шаарында курулуш аянтчаларында коопсуздук жана көрктөндүрүү талаптарынын аткарылышын текшерүү боюнча жүргүзүлгөн рейддин жыйынтыгында бир нече курулуш объектисинде мыйзам бузуулар аныкталып, алардын курулуш-монтаждоо иштери убактылуу токтотулду. Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаевдин “Курулуш объекттерин ишке ашырууда аймактарды көрктөндүрүүнү камсыз кылуу жөнүндө” буйругунун аткарылышын көзөмөлдөө максатында

Айгерим Качкынбекова
Ноокендеги экологиялык рейдде үч айдоочу айыпка жыгылды

Коом

Ноокендеги экологиялык рейдде үч айдоочу айыпка жыгылды

Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын инспекторлору Ноокен райондук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери менен биргеликте атмосфералык абаны коргоо боюнча рейд өткөрүштү. Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин маалыматына ылайык, иш-чаранын негизги максаты автотранспорт каражаттарынан чыккан зыяндуу заттардын көлөмүн көзөмөлдөө, абанын булгануусунун алдын алуу жана айдоочуларга экологиялык мыйзамдардын

Айгерим Качкынбекова
Бишкекте жыл башынан бери 20 этникалык кыргыз кайрылман макамын алды

Коом

Бишкекте жыл башынан бери 20 этникалык кыргыз кайрылман макамын алды

Жыл башынан бери 20 этникалык кыргызга кайрылман күбөлүгү тапшырылды. Бул тууралуу Бишкек шаардык иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү башкармалыгы билдирди. Маалыматка ылайык, аталган мекеме жарандарга "Тарыхый мекенине кайтып келген этникалык кыргыздарга мамлекеттик кепилдиктер жөнүндө" мыйзамдын негизинде кайрылман макамын берген. Күбөлүктү алган этникалык кыргыздардын ичинен 12си Тажикстандан, алтоо Кытайдан,

Уулжан Бейшенбекова
Таласта мамлекеттик мекемелердин сырткы көрүнүшү жаңыланууда

Коом

Таласта мамлекеттик мекемелердин сырткы көрүнүшү жаңыланууда

Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгын утурлай Талас шаарында 70 көп кабаттуу үйдүн жана мамлекеттик мекемелердин сырткы көрүнүшүн оңдоо жана жаңылоо иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Талас шаардык мэриясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, бул иштер президенти Садыр Жапаровдун тапшырмасынын негизинде жүргүзүлүп, керектүү каражат Турукташтыруу фондунан бөлүнгөн. Учурда оңдоо иштери пландын негизинде уланууда. Президенттин Талас

Сапар Акунбеков