Коом
Соцфонд пенсиялык топтоо каражаттарынан 7,2 млрд сом төлөдү
Расмий түрдө жумушсуз деп таанылган жарандар пенсиялык топтоо каражаттарын ала алышат. Бул учурда эмгекке жарамдуу курактагы калктын жашоо минимумунун өлчөмү эске алынат. Бул тууралуу Социалдык фонд билдирди. Маалыматка караганда, 2026-жылдын 1-сентябрына карата Мамлекеттик топтомо пенсиялык фонддон жалпы 246 миң 866 жаранга 7 млрд 208,5 млн сом төлөнгөн.