акыркы жаңылыктар

Бишкекте максатына ылайык колдонулбаган объектилер бузулууда

Бишкекте максатына ылайык колдонулбаган объектилер бузулууда

Бишкек шаарынын мэриясынын Жер пайдаланууну контролдоо башкармалыгы тарабынан максатына туура келбеген  объектилерди демонтаждоо иштери жүрүп жатат. Бул иштер борбор калаанын мэриясынын чечиминин негизинде аткарылып жаткандыгын шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди. Салтанат жана Патрис Лумумба көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан, аянты 0,173 гектар болгон жер тилкесинде жайгашкан объектилер бузулууда. Аталган жер

М. Тургунбаев: Климаттын өзгөрүшү каржы системасына таасир этет

М. Тургунбаев: Климаттын өзгөрүшү каржы системасына таасир этет

Климаттын өзгөрүшү айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлүгүнө гана эмес, өлкөнүн каржы системасына да көбүрөөк таасирин тийгизет. КРнын Улуттук банкынын төрагасы Мелис Тургунбаевдин социалдык баракчасында калтырган билдирүүдө, кургакчылык же нөшөрлөгөн жамгыр бааларга, фермерлердин кирешесине жана кредиттик суроо-талапка таасир этээри айтылган. “Улуттук банк инфляция жана валюта курсунун серпилүүсү менен катар эле климаттын бузулушун

Кыргызстанда балдарга татаал нейрохирургиялык операциялар жасалды

Коом

Кыргызстанда балдарга татаал нейрохирургиялык операциялар жасалды

Улуттук госпиталдын базасында мээнин оор кан тамыр ооруларына — аневризма жана артериовеноздук мальформацияга (АВМ) чалдыккан балдарга эндоваскулярдык операциялар ийгиликтүү жасалды. Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, операцияларды Улуттук эне жана баланы коргоо борборунун жана Улуттук госпиталдын нейрохирургдары биргеликте аткарышкан. Операциялар заманбап ангиографиялык операциялык бөлмөдө, интраоперациялык визуалдаштыруунун жаңы ыкмалары колдонулган шартта өттү. Ага нейрохирург

Сабиздин түшүмү гектарынан 91 тоннага чейин жетти

Кызыктуу

Сабиздин түшүмү гектарынан 91 тоннага чейин жетти

Москва районунун  Төрт-Гүл айыл аймагынын дыйкандары быйылкы жылдын сабиз жыйноо кампаниясында жогорку көрсөткүчкө жетишкенин Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги маалымдады.  Министрликтин маалыматында  2025-жылы сабиздин орточо түшүмдүүлүгү гектарынан 73 тоннаны түзүп, айрым аянттарда 91 тоннага чейин жеткени айтылат. Мындай жетишкендик дыйкандардын сапаттуу үрөн, тамчылатып сугаруу ыкмасын

Чүй, Ош облустарында жүгөрүдөн экинчи түшүм алынды

Кызыктуу

Чүй, Ош облустарында жүгөрүдөн экинчи түшүм алынды

“Кыргызмамасылтукум” мамлекеттик ишканасы быйыл жүгөрүнүн экинчи түшүмүнөн жакшы түшүм алууга жетишкенин Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Аталган ишкананын Сокулук райондук филиалы 20-июлда буудай түшүмүн жыйнаган соң биринчи жолу экинчи түшүм алуу үчүн жүгөрү уругун сепкен. Учурда талаадагы жүгөрү бышып, чабууга даяр болгону айтылат.  Ошондой

Памирдеги этникалык кыргыздарга гуманитардык жардам көрсөтүлдү

Коом

Памирдеги этникалык кыргыздарга гуманитардык жардам көрсөтүлдү

Кыргызстан Афганистандын Кичи жана Чоң Памир аймактарында жашаган этникалык кыргыздарга гуманитардык жардам жеткирди. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, бул гуманитардык жардам Президенттин тапшырмасы жана Министрлер Кабинетинин чечими менен уюштурулган. Экспедициянын алкагында Афганистандын Бадахшан провинциясындагы этникалык кыргыздарга жана жергиликтүү тургундарга медициналык жардам көрсөтүлүп, ветеринардык дары-дармектер

ӨКМ суучулдары Ысык-Көлдөн 1500м тор чыгарышты

ӨКМ суучулдары Ысык-Көлдөн 1500м тор чыгарышты

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин суучулдары 12-октябрга караган түнү көлдөн 1500 метр тор чыгарып, 114 балыкты сууга коё беришти. Аталган министрлигинин маалыматына ылайык, Тоң районундагы көлдөн чыгарылган 1500 метр узундуктагы синтетикалык тор жаңы эле салынгандыгы байкалган. Билдирүүгө караганда, Президенттин Жарлыгынын негизинде Ысык-Көлдүн флора жана фаунасына зыян алып келген таштандылардан жана балык уулоочу

Нарында 110 млн сомдук жаңы бала бакча курула башталды

Коом

Нарында 110 млн сомдук жаңы бала бакча курула башталды

Нарын шаарында “Наристе-Нур” аттуу 100 орундуу заманбап бала бакчанын курулушу башталды. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти. Долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, курулуш иштерин аталган департамент ишке ашырууда. Жалпы наркы 110 миллион сомду түзгөн имараттын жалпы аянты 1124,43 чарчы метрди камтыйт. Эки кабаттуу болуп курула

Кел-Суунун жээгине заманбап этно шаарча курулат

Коом

Кел-Суунун жээгине заманбап этно шаарча курулат

Нарын облусунун Көк-Кыя өрөөнүндөгү Кел-Суу көлүнүн жээгинде туристтик лагер куруу боюнча эскиздик долбоор даярдалды. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Шаар куруу жана архитектура департаменти маалымдады. Маалыматка ылайык, долбоор аталган департаменттин Ат-Башы райондук башкармалыгынын архитекторлору тарабынан иштелип чыккан. Долбоордо этно шаарча, заманбап мейманкана, унаа токтотуучу жай,

Күн батареялары электр энергиясын үнөмдөөгө өбөлгө

Күн батареялары электр энергиясын үнөмдөөгө өбөлгө

«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКы Бишкек шаарындагы беш кабаттуу административдик имаратынын чатырына күн панелдерин орнотуп, электр энергияга болгон муктаждыгын 30%га чейинки жабууга жетишкенин мекеменин басма сөз кызматы таратты. Билдирүүгө караганда, бул имаратта Энергетика министрлиги, «Кыргыз энергетикалык эсеп борбору» ААКы, «Курулуп жаткан электр станцияларынын дирекциясы» ААКы жана башкалар жайгашкан. Күн

Финансылык коопсуздук боюнча сынакта биздин жаштар ийгиликке жетишти

Финансылык коопсуздук боюнча сынакта биздин жаштар ийгиликке жетишти

2025-жылдын 29-сентябрынан 3-октябрына чейин Россиянын Красноярск шаарында 40 өлкөдөн 600дөн ашуун катышуучуну бириктирген Финансылык коопсуздук боюнча V Эл аралык олимпиаданын финалы болуп өттү. КРнын агартуу министрлигинин маалыматына ылайык, олимпиадага КРнын Мамлекеттик башкаруу академиясы, КУУ, КМТУ, БМУ, КРСУ, КЭУнун студенттери, ошондой эле биринчи жолу төрт мектеп окуучусу катышкан. Олимпиаданын жыйынтыгында Кыргызстандык

Курулуш объектилерине “Бирдиктүү паспорт” илүү талабы киргизилди

Коом

Курулуш объектилерине “Бирдиктүү паспорт” илүү талабы киргизилди

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаевдин тапшырмасына ылайык, министрлик тарабынан курулуш объектилери үчүн бирдиктүү форматтагы маалыматтык паспорт иштелип чыгып, бардык объекттерде милдеттүү түрдө орнотулуп жатат. Ведомстводон билдиришкендей, буга чейин курулуштун мыйзамдуулугун тастыктаган ар кандай үлгүдөгү паспорттор илинип келген. Эми, жарандарга жеткиликтүү болуш үчүн ар бир курулуш объектисинде