Кемпир-Абад маселеси: Жыйында Ташиев коркутканга чейин барды
Кыргыз бийлиги, президенттин администрациясы жарандык коомдун өкүлдөрүнө, активисттерге Кемпир-Абад боюнча расмий кайрылуу жасап, кыргыз-өзбек чек ара маселеси тууралуу кенен маалымат берүүгө аларды өкмөт үйүнө чакырган. Бүгүн, 20-октябрда аталган кыргыз-өзбек чек ара маселесине арналган жыйынга кирип чыккан активист Тилекмат Куренов өзүнүн Фейсбук баракчасында чогулуш жабык өткөнүн, ага 200дөй адам катышканын, берилген