Коом
Баткенде бассейни бар 1200 орундуу мектеп салынууда
Баткен шаарынын Чет-Булак кварталында 1200 орундуу жаңы мектептин курулушу расмий башталды. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Иш-чарага облус башчысы Мамыржан Рахимов, Евразиялык турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун өкүлдөрү жана башка расмий коноктор катышты. Маалыматка ылайык, мектеп заманбап окуу кабинеттер, лабораториялар, спорт зал, ашкана жана бассейн менен камсыздалат.