акыркы жаңылыктар

Түнкү автобустарды жүргүзүү пландалууда

Транспорт

Түнкү автобустарды жүргүзүү пландалууда

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Бишкекте түнкү автобустарды жүргүзүү пландалып жатканын билдирди. Бул тууралуу мэр “Ачык кабинет” долбоорунун алкагында журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып айтты. А.Жунушалиевдин айтымына караганда, долбоор учурда коомдук талкууга чыккан. “Эгер бул ишке аша турган болсо, автобус сутка бою жүрөт. Ал эми жол киренин баасы болжолдуу

Караколдо бош орундар жарманкеси өттү

Коом

Караколдо бош орундар жарманкеси өттү

Каракол шаарында жумуш издеген жарандар үчүн бош орундар жарманкеси уюштурулуп, ага шаардагы жана облус аймагындагы иш берүүчү мекеме-ишканалар, кесиптик техникалык окуу жайлардын өкүлдөрү, студенттер жана жумуш издеп жүргөн жарандар активдүү катышты. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдирди. Маалыматка ылайык, жарманкенин негизги максаты ­­­–  жарандарды туруктуу жумуш орундары менен

Бишкектин айрым жерлеринде 25-майда суу өчүрүлөт

Коом

Бишкектин айрым жерлеринде 25-майда суу өчүрүлөт

25-май күнү саат 10:00дөн 17:00гө чейин Бишкектин айрым аймактарында ичүүчү суу убактылуу өчүрүлөт. “Бишкексууканал” ишканасынын маалыматына ылайык, суу турак жайларга, мектептерге, бала бакчаларга, саламаттык сактоо мекемелерине жана башка социалдык-өнөр жай объектилерине берилбей калат. Өчүрүү аймагы Жунусалиев көчөсү, Гагарин көчөсү, Абдраимов көчөсү, Балтагулов көчөсү, Чыңгыз Айтматов проспектиси,

Кыргызстан менен WOAH кызматташтыкты чыңдоону талкуулады

Коом

Кыргызстан менен WOAH кызматташтыкты чыңдоону талкуулады

Бүткүл дүйнөлүк жаныбарлардын саламаттыгын сактоо уюмунун (WOAH) Делегаттарынын Ассамблеясынын 93-Башкы сессиясынын алкагында Кыргызстандын Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматынын директору Адилет Сотовалдиев WOAH уюмунун башкы директору Эммануэль Субейран менен жолугушту. Айыл чарба министрлигинин маалыматына ылайык, жолугушууда тараптар ветеринария тармагындагы кызматташтыкты бекемдөө, эпизоотиялык туруктуулукту камсыз кылуу жана ветеринардык

Өзбекстандан ташылып келе жаткан 24,7 тонна пияз артка кайтарылды

Коом

Өзбекстандан ташылып келе жаткан 24,7 тонна пияз артка кайтарылды

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин Баткен аймактык башкармалыгы тарабынан кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасында жайгашкан “Кызыл-Кыя” фитосанитардык текшерүү постунда 2026-жылдын 22-майында фитосанитардык көзөмөл иш-чаралары жүргүзүлдү.  Министрликтин маалыматына караганда, Өзбекстан Республикасынан ташылып келинген жалпы салмагы

Дары-дармек бааларын жөнгө салуу, сапатын көзөмөлдөө мүмкүн болуп калды

Коом

Дары-дармек бааларын жөнгө салуу, сапатын көзөмөлдөө мүмкүн болуп калды

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги бааларды жөнгө салуу жана препараттардын баалары жөнүндө маалымдуулукту жогорулатуу механизмдери аркылуу калк үчүн сапаттуу, коопсуз жана натыйжалуу дары-дармектердин жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу боюнча иштерди улантып жатканын билдирди. Министрликтин маалыматына ылайык, учурда жашоо үчүн маанилүү дары каражаттарынын тизмесине кирген препараттардын баалары мамлекет тарабынан жөнгө салынат. Бирок айрым

Кыргызстанда пияз, эт жана жумуртка кымбаттады

Экономика

Кыргызстанда пияз, эт жана жумуртка кымбаттады

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги Кыргызстан, Россия жана Казакстандагы азык-түлүк бааларына салыштырма мониторинг жүргүздү. Ведомствонун маалыматына ылайык, 20-майга карата жүргүзүлгөн анализге ылайык, Кыргызстанда баш пияз 2,3%, уй эти 1,3%, кой эти 1,1%, жумуртка 0,8% жана айрым ун менен макарон

Ошто 10 гектар аянтты ээлеген сейил бак курулуп жатат

Коом

Ошто 10 гектар аянтты ээлеген сейил бак курулуп жатат

Ош шаарында Ак-Буура дарыясынын жээгине жаңы заманбап сейил бак курулуп жатат. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Бүгүн шаар мэри Жанарбек Акаев Н. Исанов көчөсүндө жайгашкан курулуш объектисинин жүрүшү менен таанышты. Маалыматка ылайык, сейил бактын курулушу бир ай мурда башталган. Ал Исанов көчөсүнөн Бахапова көчөсүндөгү көпүрөгө чейинки 10 гектар аянтты камтыйт.

Кыргызстан менен Польша миграция боюнча кызматташтыкты күчөтөт

Коом

Кыргызстан менен Польша миграция боюнча кызматташтыкты күчөтөт

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинде кыргыз-поляк миграция тармагындагы кызматташтык маселелери боюнча жолугушуу өттү. Ведомствонун маалыматына ылайык, жолугушууга министрдин орун басары М. Байгончоков жана Польша Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары В. Зайончковский катышты. Тараптар миграция тармагындагы эки тараптуу кызматташтыктын учурдагы абалын жана аны өнүктүрүү келечегин талкуулап, өз ара

Ысык-Көлдө жашыл экономика жана туруктуу өнүгүү маселелери талкууланды

Экономика

Ысык-Көлдө жашыл экономика жана туруктуу өнүгүү маселелери талкууланды

Ысык-Көл облусунда жашыл экономика жана туруктуу өнүгүү багытындагы кызматташтыкты чыңдоо боюнча жолугушуу болуп өттү. Анда Германия, Швейцария жана Европа Биримдигинин элчилери Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Бакытбек Жетигенов менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө регионду өнүктүрүү жана эл аралык кызматташтыкты кеңейтүү маселелери талкууланды. Анда жашыл экономика, туруктуу

Караколдо 5 млн долларлык эл аралык мейманкана комплекси курулат

Экономика

Караколдо 5 млн долларлык эл аралык мейманкана комплекси курулат

Бүгүн Каракол шаарында “Relax-Inn” эл аралык инновациялык мейманкана комплексин куруу боюнча үч тараптуу макулдашууга кол коюлду. Бул тууралуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттигинен билдиришти. Долбоор Инвестициялар боюнча улуттук агенттик, “Ысык-Көл” бирдиктүү башкаруучу компаниясы” мамлекеттик ишканасы жана “Кедра” ЖЧКсы тарабынан ишке ашырылат. Маалыматка ылайык, мейманкана комплекси заманбап санариптик жана энергияны

Ошто жасалма VIN-код менен атайын техника сатуу схемасы аныкталды

Коом

Ошто жасалма VIN-код менен атайын техника сатуу схемасы аныкталды

Ош облусунда идентификациялык маалыматтары өзгөртүлгөн атайын техникаларды мыйзамсыз сатуу схемасы аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти. Маалыматка ылайык, чет өлкөдөн алып келинген атайын техникалардын заводдук тактайчалары, VIN-номерлери жана башка идентификациялык белгилери алмаштырылып, чыгарылган жылы жашырылган. Натыйжада алар жаңы техника катары кымбат баада сатылып келген. Тергөө-ыкчам иш-