Коом
Ноокатта кычкылтек өндүрүүчү жаңы станция ишке кирүүгө даяр
Ноокат райондук аймактык ооруканасынын базасында курулган жаңы медициналык кычкылтек өндүрүүчү станциянын тесттик сыноолору ийгиликтүү аяктады. Бул тууралуу БУУнун Өнүктүрүү программасынан билдиришти. Маалыматка ылайык, долбоор Саламаттык сактоо министрлиги менен өнөктөштүктө БУУӨП тарабынан ишке ашырылып, Глобалдык фонд тарабынан каржыланган. Жаңы станция COVID-19 пандемиясы маалындагы кычкылтек тартыштыгы сыяктуу көйгөйлөрдү чечүү максатында курулган.