акыркы жаңылыктар

Бишкектеги турак үйлөрдүн 99%ы ысык суу менен камсыз болду

Коом

Бишкектеги турак үйлөрдүн 99%ы ысык суу менен камсыз болду

"Бишкек жылуулук тармагы" муниципалдык ишканасы 2026-жылдын 11-майына карата борбор калаадагы ысык суу берүү иштери боюнча маалымат берди. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалыматка ылайык, жылуулук тармактарындагы оңдоо иштеринен кийин адистер турак үйлөргө ысык сууну этап-этабы менен кошууну улантууда. Учурда ишкананын техникалык тейлөөсүндөгү турак үйлөрдүн 99%ы

Кыргызстанда Евро-5 күйүүчү майы өндүрүлө баштайт

Коом

Кыргызстанда Евро-5 күйүүчү майы өндүрүлө баштайт

Дүйнөдөгү геосаясий чыңалуу жана Иранга каршы согуш аракеттеринен кийин газ менен күйүүчү майдын баасы кескин өсүп, бул Кыргызстандагы бааларга дагы таасирин тийгизүүдө. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков социалдык тармактагы баракчасына жазды. Анын айтымында, согуш башталганга чейин Россиядан АИ-92 үлгүсүндөгү бензиндин тоннасы орточо 650 доллардан

Бишкекте кышкыга карата электр жабдуулар оңдолууда

Энергетика

Бишкекте кышкыга карата электр жабдуулар оңдолууда

Алдыдагы күз-кыш мезгилине сапаттуу жана өз убагында даярдык көрүү максатында Энергетика министрлиги тарабынан энергетикалык компанияларга бир катар маанилүү тапшырмалар коюлган. Ага ылайык, 2026-жылдын апрель айынан тартып Бишкек шаарында масштабдуу даярдык иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, 2026-жылга карата электр тармактарын өнүктүрүү,

Кызыл-Кыядагы элдик жолугушууда 50дөн ашык маселе көтөрүлдү

Коом

Кызыл-Кыядагы элдик жолугушууда 50дөн ашык маселе көтөрүлдү

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасынын негизинде 11-майда Баткен облусунун башчысы Мамыржан Рахимов Кызыл-Кыя шаарынын тургундары менен жолугушуу өткөрдү. Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, жолугушууга 300гө жакын тургун катышып, 50дөн ашуун суроо-талап жана кайрылуулар айтылды. Жарандар негизинен турак жай үчүн жер тилкеси, таза суу, мунапыс маселеси, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн социалдык

Транспорт министри туристтик жолдорду сапаттуу оңдоону тапшырды

Транспорт

Транспорт министри туристтик жолдорду сапаттуу оңдоону тапшырды

Транспорт жана коммуникациялар министри Талантбек Солтобаевдин жетекчилиги алдында министрликтин кезектеги аппараттык жыйыны өттү. Ведомстводон билдиришкендей, жыйында жол курулуш иштеринин жүрүшү жана жаанчыл аба ырайына байланыштуу сел коопсуздугунун алдын алуу чаралары талкууланды. “Кыргызавтожол-Түндүк” жана “Кыргызавтожол-Түштүк” мамлекеттик ишканаларына жаратылыш кырсыктарынын алдын алуу боюнча ыкчам чараларды көрүү тапшырылды. Ошондой эле бардык

Нарын районунда 11 млн сомго парк оңдоп-түзөөдөн өттү

Коом

Нарын районунда 11 млн сомго парк оңдоп-түзөөдөн өттү

Нарын районунун Куланак айылындагы А.Орозакунов атындагы паркты реконструкциялоо иштери аяктап, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу райондук админстрациядан билдиришти. Маалыматка ылайык, долбоордун наркы 11 миллион 200 миң сомду түзүп, анда райондук өнүктүрүү фондунун, Орозакуновдун бир туугандарынын, үлүштүк дем берүүчү гранттын жана айыл өкмөттүн да салымы бар. Долбоордун ишке ашуусу менен айылдын

Избаскент көмөк чордонунда 50 жылдык эски жабдуулар алмаштырылды

Энергетика

Избаскент көмөк чордонунда 50 жылдык эски жабдуулар алмаштырылды

Энергетика министрлигинин калкты сапаттуу жана үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз кылуу, алдыдагы 2026-2027-жылдардагы күз-кыш мезгилине карата даярдык көрүү, эскирген жабдууларды жаңылоо боюнча койгон милдеттерин ишке ашыруунун алкагында Жалал-Абадда Избаскент 110/35/6 кВ көмөк чордонунда ири жаңылоо иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы

Түндүк-Түштүк жолу сел калдыктарынан тазаланууда

Транспорт

Түндүк-Түштүк жолу сел калдыктарынан тазаланууда

11-майда жамгырлуу аба ырайына байланыштуу Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолунун 345-360-чакырымдарын сел каптады. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, учурда №31 Жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери жана атайын техникалар тартылып, жолду сел калдыктарынан тазалоо иштери аткарылууда. Азыркы тапта, жол эки тарптуу ачык, автоунаалар үчүн

Чүй районунда 132 млн сомго мектеп курулууда

Коом

Чүй районунда 132 млн сомго мектеп курулууда

Курулуш министрлиги тарабынан Чүй районундагы Прогресс айылына 275 орундуу жаңы мектеп салынууда. Мектептин наркы 132 миллион сомду түзөт. Курулуш-монтаждоо иштери 2025-жылдын сентябрь айында башталган, учурда иштердин 45 пайызы аткарылды. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, башкы план боюнча мектеп заманбап үлгүдө курулуп, окуучулардын билим

Бишкектеги Саманчин көчөсүн узартуу пландалууда

Транспорт

Бишкектеги Саманчин көчөсүн узартуу пландалууда

Бишкек шаарындагы Байтик Баатыр - Жукеев Пудовкин көчөлөрүнүн ортосундагы Саманчин көчөсүн ачуу пландалууда. Бул тууралуу мэрдин орун басары Рамиз Алиев социалдык тармак аркылуу билдирди. Анын айтымында, учурда долбоордун эки варианты каралып жатат. Биринчи вариант көчө түз ачылып, Байтик Баатыр көчөсүнө чейин узартылат. Ал эми экинчи вариантта жол менен кошо жер алдындагы

Адылбек Касымалиев кореялык стоматологдордун делегациясын кабыл алды

Саясат

Адылбек Касымалиев кореялык стоматологдордун делегациясын кабыл алды

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Корея Республикасынан келген адистердин делегациясын кабыл алып, жогорку технологиялык медицина тармагындагы кызматташтык маселелерин талкуулады. Бул тууралуу Өкмөттөн билдиришти. Жолугушууда саламаттыкты сактоо системасын модернизациялоо жана дарылоонун инновациялык ыкмаларын киргизүү мамлекет үчүн артыкчылыктуу багыттардын бири экени белгиленди. Тараптар заманбап технологияларды медицина тармагына киргизүү, санариптик чечимдерди колдонуу жан

Марат Тагаев ТҮРКСОЙдогу Кыргызстандын өкүлү болуп дайындалды

Коом

Марат Тагаев ТҮРКСОЙдогу Кыргызстандын өкүлү болуп дайындалды

Марат Тагаев ТҮРКСОЙ (Түрк маданиятынын эл аралык уюму) уюмундагы Кыргызстандын өкүлү болуп дайындалды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.  Бул дайындоо түрк тилдүү мамлекеттер менен маданий-гуманитардык кызматташтыкты чыңдоого жана эл аралык маданий байланыштарды өнүктүрүүгө багытталган. Белгилей кетсек, ТҮРКСОЙ – түрк тилдүү өлкөлөрдүн ортосунда маданий кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган