Коом
“Келечек” эл аралык стипендиясын түзүү демилгеленди
Кыргызстанда маданият, искусство жана көркөм билим берүү тармагындагы адистерди даярдоо үчүн “Келечек” эл аралык мамлекеттик стипендиясын түзүү демилгеленүүдө. Бул тууралуу Маданият министрлигинен билдиришти. Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги иштеп чыккан токтом долбоору коомдук талкууга коюлду. Жобого ылайык, стипендия музыкалык, театралдык, хореографиялык, көркөм сүрөт, кино өнөрү, музей иши, реставрация, маданият