Коом
Эмгек чөйрөсүндөгү басым жана куугунтук маселеси талкууланды
Жогорку Кеңештин төрагасынын алдындагы Аялдардын, балдардын укуктарын коргоо жана гендердик теңчилик боюнча кеңештин 15-июндагы кезектеги отурумунда эмгек чөйрөсүндөгү зомбулук жана куугунтук маселеси каралды. Парламенттин басма сөз кызматы билдиргендей, жыйында эмгек чөйрөсүндөгү зомбулук боюнча улуттук изилдөөнүн концепциясы сунушталды. Отурумга депутаттар, мамлекеттик органдардын, эл аралык уюмдардын жана жарандык коомдун өкүлдөрү катышты.