акыркы жаңылыктар

Ысык-Көлдө мыйзамсыз жүргөн чет өлкөлүктөр аныкталды

Коом

Ысык-Көлдө мыйзамсыз жүргөн чет өлкөлүктөр аныкталды

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Ысык-Көл облусунда миграциялык мыйзамдарды бузган 36 чет өлкөлүк жаран аныкталганын билдирди. Маалыматка ылайык, 2–3-июнь күндөрү “Нелегал-ЖККУ-2026” аталышындагы эл аралык ыкчам-профилактикалык операциясынын алкагында рейддик иш-чаралар өткөрүлгөн. Текшерүүнүн жүрүшүндө чет өлкөлүк жумушчу күчү колдонулган 32 объект көзөмөлгө алынып, 5 өлкөдөн келген

Жогорку Кеңеште Нидерландия менен кызматташтык маселелери талкууланды

Саясат

Жогорку Кеңеште Нидерландия менен кызматташтык маселелери талкууланды

4-июнда Жогорку Кеңешнин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрайымы Элвира Сурабалдиева Нидерланд Королдугунун Кыргызстандагы элчиси Нико Схермерс менен жолугушуу өткөрдү. Жолугушууда эки өлкөнүн соода-экономикалык, маданий-гуманитардык кызматташтыкты өнүктүрүү жана парламенттер аралык байланыштарын чыңдоо маселелери талкууланды. Комитет төрайымы акыркы жылдары Кыргызстан менен Европа мамлекеттеринин кызматташуусу

Венчурдук каржылоо боюнча мыйзам долбоору колдоо тапты

Экономика

Венчурдук каржылоо боюнча мыйзам долбоору колдоо тапты

4-июндагы Жогорку Кеңештин жыйынында “Венчурдук каржылоо жөнүндө” жана ага байланыштуу мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорлору экинчи окууда колдоо тапты. Маалыматка ылайык, венчурдук инвестицияларды стартаптарга, инновациялык долбоорлорго жана технологиялык экосистемага тартуу үчүн укуктук шарттарды түзүүгө багытталган мыйзам долбоорун 2-июнда Министрлер кабинети сунуштаган. Анын алкагында “венчурдук каржылоо”, “венчурдук инвестор”

Бишкекте эл аралык өнөр жай жана соода көргөзмөсү өтүүдө

Экономика

Бишкекте эл аралык өнөр жай жана соода көргөзмөсү өтүүдө

Бишкек шаарындагы  “Жаштык арена” спорт комплексинде Ala-Too Trade and Industry Expo 2026 эл аралык өнөр жай жана соода көргөзмөсү өз ишин баштады. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, иш-чара Кыргызстандын Шанхай кызматташтык уюмуна төрагалык кылуусунун алкагында өтүүдө. Көргөзмө ШКУга мүчө мамлекеттердин экономика

Бишкектин Дордой конушунда 570 орундуу мектеп курулууда

Коом

Бишкектин Дордой конушунда 570 орундуу мектеп курулууда

Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, Курулуш министрлиги Бишкек шаарындагы Дордой конушунда 570 орундууу мектеп куруп жатат. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, объекттин курулушу 2026-жылдын февраль айында башталган. Бүгүнкү күндө имарттын экинчи кабатынын мамылары орнотулууда. Мектептин жалпы аянты 1810 чарчы метрди түзөт. Анда окуучулардын сапаттуу билим

Баткенде мыйзамсыз курулуш үчүн 80 миң сом доо коюлду

Коом

Баткенде мыйзамсыз курулуш үчүн 80 миң сом доо коюлду

Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызматтын Баткен облусу боюнча аймактык башкармалыгы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө мыйзамсыз курулуш фактылары аныкталды. Маалыматка ылайык, Суу-Башы айыл өкмөтүндө эки жаран айыл чарба багытындагы жер тилкелерине мыйзамсыз курулуш салганы белгилүү болгон. Аталган мыйзам бузуу фактылары боюнча жарандарга жазуу түрүндө эскертүү берилип, мыйзам талаптарына ылайык ар

Тоңдогу балык өстүрүүчү ишканада 4,8 млн даана икра алынды

Коом

Тоңдогу балык өстүрүүчү ишканада 4,8 млн даана икра алынды

Балык чарба комплекси департаменти 2025–2026-жылдарга карата бекитилген пландын алкагында балык ресурстарын жасалма көбөйтүү иштерин улантууда. Пландын негизинде  Тоң балык өстүрүүчү заводунун инкубациялык цехинде 4 миллион 800 миң даана карп-сазан балыгынын икрасы жасалма жол менен алынып, атайын инкубациялык аппараттарга жайгаштырылды. Маалыматка ылайык, иштер Регионалдык акклиматизация бөлүмү жана балык

Оор кылмышка айыпталгандар Грузиядан Кыргызстанга алынып келинди

Коом

Оор кылмышка айыпталгандар Грузиядан Кыргызстанга алынып келинди

Башкы прокуратура Грузия жана Казакстандын компетенттүү органдары менен жүргүзгөн натыйжалуу кызматташуусунун негизинде оор кылмыштарды жасагандыгы үчүн эл аралык издөөгө жарыяланган эки жаран өлкө аймагына жеткирилди. Бул тууралуу башкы көзөмөл органынан билдиришти. Маалыматка ылайык, кылмышка шектүүлөрдүн бири Т.Ж. – адам уурдоого айыпталууда. Тергөөнүн версиясы боюнча, ал жана анын шериктери жабырлануучуну шаардын

Түндүк – Түштүк жолу тазаланып, жол ачылды

Транспорт

Түндүк – Түштүк жолу тазаланып, жол ачылды

Түндүк–Түштүк альтернативдик унаа жолунун 260–274-чакырым аралыгында нөшөрлөп жааган жаан-чачындын кесепетинен таш көчкү түшүп, жол убактылуу жабылган. Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынын маалыматына ылайык, жеринде министрликтин атайын техникалары тартылып, тазалоо иштери жүргүзүлүп, жол ачылды. Транстопрт минстрлиги айдоочулардан жол кыймылынын эрежелерин жана ылдамдыкты так сактоону өтүнөт. Кыргызстандын

Бишкекте суу объекттеринде коопсуздук чаралары күчөтүлдү

Коом

Бишкекте суу объекттеринде коопсуздук чаралары күчөтүлдү

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги сууга түшүү сезону алдында Бишкек шаарынын Ленин районундагы бассейндер жана башка суу объекттери текшерилгенин билдирди. Маалыматка ылайык, атайын комиссия "Максимум", "Деңиз", "Новотел", "Дельфин", "Парус", "Кудайберген" жана "Өнөл" бассейндеринде текшерүү жүргүздү. Ошондой эле Чоң

Дипломатиялык кызмат жөнүндө мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди

Саясат

Дипломатиялык кызмат жөнүндө мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди

Президент Садыр Жапаров 2026-жылдын 22-апрелинде Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган “Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттин расмий баракчасына маалымдалды. Мыйзам Кыргызстандын дипломатиялык кызматынын натыйжалуулугун жогорулатуу, институттук потенциалын бекемдөө жана мамлекеттин тышкы саясий ишинин заманбап талаптарына шайкештигин камсыз

Экологиялык таза технологиялар үчүн жеңилдетилген насыя берилет

Коом

Экологиялык таза технологиялар үчүн жеңилдетилген насыя берилет

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги атмосфералык абанын булгануусун азайтуу жана экологиялык таза технологияларды жайылтуу максатында “Абанын сапатын жакшыртуу” мамлекеттик программасы ишке ашырылып жатканын билдирди. Маалыматка ылайык, долбоордун алкагында жеңилдетилген насыялар Элдик Банк, Айыл Банк жана Бакай Банк аркылуу берилет. Жеке жактар экологиялык таза жылытуу жана энергия системаларын орнотуу