Саясат

Жаштар мамлекеттик башкаруунун жаңы мууну болууга даярдалууда

Саясат

Жаштар мамлекеттик башкаруунун жаңы мууну болууга даярдалууда

Кыргызстанда мамлекеттик башкаруунун жаңы муунун калыптандырууга багытталган "Жаш кадрлар мектеби" долбоорунун катышуучулары менен Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Улан Маматканов жолугушту. Бул тууралуу Өкмөттөн билдиришти. Маалыматка ылайык, жолугушууда өлкөнүн өнүгүүсүндөгү жаштардын орду, мамлекеттик кызматка кесипкөй кадрларды тартуу жана келечектеги лидерлерди даярдоо маселелери талкууланды. Улан Маматканов бүгүнкү күндө Кыргызстан

Айгерим Качкынбекова
Кыргызстан менен ЕБ кызматташтыктын жаңы багыттарын талкуулашты

Саясат

Кыргызстан менен ЕБ кызматташтыктын жаңы багыттарын талкуулашты

Тышкы иштер министринин орун басары Медер Абакиров Европа биримдигинин Борбор Азия боюнча атайын өкүлү, элчи Эдуардс Стипрайс менен жолугушуу өткөрдү. Тышкы иштер министрлигинин маалыматына ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен Европа биримдигинин ортосундагы кызматташуунун артыкчылыктуу багыттарын талкуулашты. Атап айтканда, экономика, инвестиция, транспорт жана энергетика тармактарындагы кызматташтык маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Айгерим Качкынбекова
Садыр Жапаров Европа Биримдигинин Борбор Азия боюнча Атайын өкүлү менен жолукту

Саясат

Садыр Жапаров Европа Биримдигинин Борбор Азия боюнча Атайын өкүлү менен жолукту

Президент Садыр Жапаров 5-июнда, Европа Биримдигинин Борбор Азия боюнча Атайын өкүлү Эдуардс Стипрайсты кабыл алды. Бул тууралуу президенттин расмий баракчасына жарыяланды. Маалыматка ылайык, Мамлекет башчысы Европа Биримдиги менен өз ара аракеттенүү жана “Борбор Азия – Европа Биримдиги” форматында аймактык кызматташууну чыңдоо Кыргызстандын тышкы саясатынын артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп саналарын баса

Сапар Акунбеков
Кыргызстан менен Беларусь ортосунда бир катар документтерге кол коюлду

Саясат

Кыргызстан менен Беларусь ортосунда бир катар документтерге кол коюлду

Кыргызстан менен Беларусь Республикасынын ортосунда аталган өлкөнүн Премьер-министри Александр Турчиндин Кыргызстанга расмий иш сапарынын жыйынтыгында бир катар документтерге кол коюлду. Бул тууралуу президенттик админстрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти. Кол коюлган документтер: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Беларусь Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы улуттук айдоочулук күбөлүктөрдү өз ара таануу жана алмашуу жөнүндөгү

Сапар Акунбеков
Садыр Жапаров ШКУдагы коопсуздук кызматташтыгын күчөтүүгө чакырды

Саясат

Садыр Жапаров ШКУдагы коопсуздук кызматташтыгын күчөтүүгө чакырды

Президент Садыр Жапаров Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин ички иштер жана коомдук коопсуздук министрлери менен болгон жолугушууда заманбап коркунучтарга каршы биргелешкен аракеттерди күчөтүү зарылдыгын билдирди. Жыйында маалыматтык коопсуздук, киберкоркунучтарга каршы күрөш жана санариптик технологиялардын өнүгүшүнө байланыштуу жаңы чакырыктар талкууланды. Мамлекет башчысы бүгүнкү күндө кылмыштуу топтор жасалма интеллектти, киберчабуулдарды жана мыйзамсыз

Уулжан Бейшенбекова
Санкциялык саясат боюнча президенттин атайын өкүлү дайындалды

Саясат

Санкциялык саясат боюнча президенттин атайын өкүлү дайындалды

Президенти Садыр Жапаров “Экономика жана коммерция министрин президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү кылып дайындоо жөнүндө” жарлыкка кол койду. Жарлыкка ылайык, Бакыт Сыдыков санкциялык саясат жана санкциялык тобокелдиктерди азайтуу маселелери боюнча президенттин атайын өкүлү болуп дайындалды. Ал бул кызматты экономика жана коммерция министри кызматын айкалыштыруу менен аркалайт. Документке ылайык, Бакыт

Уулжан Бейшенбекова
Данияр Үсөновдун баласы Казакстанда камакка алынды

Саясат

Данияр Үсөновдун баласы Казакстанда камакка алынды

Кыргызстандын мурдагы премьер-министри Данияр Үсөновдун уулу, Урмат Үсөнов Казакстанда кармалганын Казакстандын жергиликтүү маалымат каражаттары жазды. Маалыматтарга караганда, ага жана үч шеригине "мыйзамсыз ишкерлик кылууга" байланыштуу айып тагылды.  Малыматка ылайык, Урмат Үсөнов менен дагы эки кыргыз жана бир казак жаранына "мыйзамсыз ишкерлик кылуу" жана "трансулуттук

Сапар Акунбеков
Марлен Маматалиев ЕКПАнын баяндамачысын кабыл алды

Саясат

Марлен Маматалиев ЕКПАнын баяндамачысын кабыл алды

4-июнда Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев Европа кеңешинин парламенттик ассамблеясынын Кыргызстандагы баяндамачысы Мариетта Караманли менен жолугушту. Жолугушууда Кыргызстан менен Европа мамлекеттеринин ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүү, ошондой эле Жогорку Кеңеш менен Европа кеңешинин парламенттик ассамблеясынын алакаларын өнүктүрүү маселелери талкууланды. Марлен Маматалиев Кыргызстан Европа кеңеши менен кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыкдар экенин белгилеп, өлкөдө

Уулжан Бейшенбекова
Александр Турчин расмий сапары менен Бишкекке келди

Саясат

Александр Турчин расмий сапары менен Бишкекке келди

Беларусь Республикасынын премьер-министри Александр Турчин 4-июнда расмий сапары менен Кыргызстанга келди. Аны «Манас» эл аралык аэропортунан Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Улан Маматканов тосуп алды. Сапардын алкагында Александр Турчин Кыргызстандын жетекчилиги менен жолугушуп, бир катар эки тараптуу документтерге кол коюу күтүлүүдө. Ошондой эле премьер-министр ишканаларды кыдырып, кыргыз-

Уулжан Бейшенбекова
Жергиликтүү башкарууну жакшыртууга багытталган мыйзам каралды

Саясат

Жергиликтүү башкарууну жакшыртууга багытталган мыйзам каралды

4-июнда Жогорку Кеңеште жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөр биринчи окууда каралып, концепциясы жактырылды. Документ жергиликтүү өз алдынча башкаруу системасын өркүндөтүү, айрым ченемдерди тактоо жана үй-бүлөлүк, расмий иш-чараларды тартипке келтирүүгө багытталган. Талкуу учурунда депутаттар Улукбек Карыбек уулу жергиликтүү бийликтин жоопкерчилигин күчөтүү

Уулжан Бейшенбекова
Жогорку Кеңеште Нидерландия менен кызматташтык маселелери талкууланды

Саясат

Жогорку Кеңеште Нидерландия менен кызматташтык маселелери талкууланды

4-июнда Жогорку Кеңешнин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрайымы Элвира Сурабалдиева Нидерланд Королдугунун Кыргызстандагы элчиси Нико Схермерс менен жолугушуу өткөрдү. Жолугушууда эки өлкөнүн соода-экономикалык, маданий-гуманитардык кызматташтыкты өнүктүрүү жана парламенттер аралык байланыштарын чыңдоо маселелери талкууланды. Комитет төрайымы акыркы жылдары Кыргызстан менен Европа мамлекеттеринин кызматташуусу

Уулжан Бейшенбекова
Дипломатиялык кызмат жөнүндө мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди

Саясат

Дипломатиялык кызмат жөнүндө мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди

Президент Садыр Жапаров 2026-жылдын 22-апрелинде Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган “Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттин расмий баракчасына маалымдалды. Мыйзам Кыргызстандын дипломатиялык кызматынын натыйжалуулугун жогорулатуу, институттук потенциалын бекемдөө жана мамлекеттин тышкы саясий ишинин заманбап талаптарына шайкештигин камсыз

Сапар Акунбеков