Бийлик
Калктын ишеним индекси 46,2 баллга жетип, тарыхый рекорд койду
Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Президенттин Администрациясынын кезектеги аппараттык кеңешмесинде 2025-жылдын экинчи жарым жылдыгы үчүн “Калктын ишеним индекси” изилдөөсүнүн жыйынтыгын тааныштырды. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти. Ал бул мониторинг Улуттук статистика комитети тарабынан ар бир жарым жылда жүргүзүлөрүн белгиледи. Изилдөө өлкөнүн жети облусун, Бишкек жана Ош шаарларын камтып,