Экономика
Кыргызстандын текстиль өндүрүүчүлөрү Өзбекстандын рыногуна чыгууда
Кыргызстандын текстиль жана тигүү тармагынын өкүлдөрү "Экспорттук акселерация" программасынын алкагында Өзбекстанда өтүп жаткан үч күндүк бизнес-миссияга катышууда. Экономика жана коммерция министрлигинин маалыматына ылайык, иш-чараны Кыргызстандын Өзбекстандагы Соода өкүлчүлүгү, "Кыргыз Экспорт" мамлекеттик мекемеси жана Текстилди өнүктүрүү борбору уюштурган. Бизнес-миссияга экспорттук жеткирүүлөрдү кеңейтүүгө кызыкдар болгон