Экономика

Кыргыз-корей товар жүгүртүүсү жыл аягында 30%га көбөйүшү мүмкүн

Экономика

Кыргыз-корей товар жүгүртүүсү жыл аягында 30%га көбөйүшү мүмкүн

2025-жылдын август айында президент Садыр Жапаров мамлекеттик-жеке өнөктөштүк үчүн инвестициялар боюнча жаңы мыйзамдарга кол койгонун 2025-жылдын 4-декабрында, керектөө товарлары боюнча корей-борбор азиялык экономикалык кызматташуунун ишкердик аянтчасында Улуттук инвестициялар агенттигинин директорунун орун басары Дамирбек Бикулов билдирди. Анын айтымында, бул мыйзамдар инвесторлордун корголушун, тең укуктарды жана мамлекет

Кыргызстан Кытай менен жаңы экспорттук келишимдерди макулдашууда

Экономика

Кыргызстан Кытай менен жаңы экспорттук келишимдерди макулдашууда

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги кыргызстандык өндүрүүчүлөрдүн Кытай Эл Республикасынын (КЭР) рыногуна экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү боюнча иштер активдүү жүрүп жатканын билдирди. Кыргызстан ветеринардык-санитардык талаптар жана инспекциялык көзөмөл тартиби боюнча беш жаңы экспорттук протоколду даярдоо жана макулдашуу процессин баштады. Бул документтерге кол коюлушу менен кыргыз

Таш-Көмүр шаарында 30 МВт кубаттуулуктагы күн электр станциясы курула баштады

Экономика

Таш-Көмүр шаарында 30 МВт кубаттуулуктагы күн электр станциясы курула баштады

Таш-Көмүр шаарында 11 гектар жерге 30 МВт кубаттуулуктагы күн электр станциясынын курулушу жүрүп жатканын президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнө шилтеме кылып “Кабар” агенттиги жазды. Күн мурун президенттин өкүлү Тилек Текебаев аталган объектиге барып курулуш иштеринен кабар алган.   Эске салсак, бул Жалал-Абад облусунда алгачкы ири күн электр энергетикалык долбоорлорунун

Элкарт менен Aлипей + Шанхайда биринчи тесттик сыноо төлөмүн жүргүздү

Экономика

Элкарт менен Aлипей + Шанхайда биринчи тесттик сыноо төлөмүн жүргүздү

Банктар аралык процессинг борбору (Элкарт улуттук төлөм системасынын оператору) жана Aлипей+ эл аралык платформасы Алипей+/ELQR интеграциясынын алкагында биринчи тесттик транзакцияны ийгиликтүү өткөрдү. Сыноо Шанхайдагы Алипай+ кеңсесинде Банктар аралык процессинг борборунун төрагасы Алтымыш Туратбековдун Кытайга болгон иш сапарынын алкагында жүргүзүлдү. Жолугушуу учурунда Aлипайга QR код менен төлөө тесттик сценарийи сыналып

КРнын депозиттик базасынын өсүшү боюнча планы 101,4 % аткарылды

Экономика

КРнын депозиттик базасынын өсүшү боюнча планы 101,4 % аткарылды

2019–2025-жылдары депозиттик базанын өсүшү Депозиттерди коргоо Агенттигинин капиталын олуттуу көбөйттү. КРнын жарандары коммерциялык банктарга салган депозиттеги акчаларын коргоо максатында түзүлгөн Фонддун суммасы ай сайын көбөйүп жатат. Бул тууралуу КРнын Депозиттерди коргоо боюнча агенттигинин аткаруучу директору Кадырбек Букуев  билдирди. “Депозиттерди коргоо фонду өз каражаттарынын эсебинен туруктуу өсүүнү сактап келе

Кыргызстанда кант өндүрүү көлөмү 2 млрд 685,5 млн сомду түздү

Экономика

Кыргызстанда кант өндүрүү көлөмү 2 млрд 685,5 млн сомду түздү

2025-жылдын январь–октябрь айларында Кыргызстанда кант өндүрүү көлөмү 2 млрд 685,5 млн сомду түзгөнү статистиканын маалыматтарында айтылат. Көрсөтүлгөн мезгилдеги көрсөткүч 2024-жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 54,1% көп. Ал кезде кант өндүрүүнүн көлөмү 1 млрд 742,3 млн сом болгон. Ошону менен бирге, 2025-жылдын октябрь айында

Кыргызстан менен Корея жашыл энергия боюнча кызматташтыгын бекемдейт

Экономика

Кыргызстан менен Корея жашыл энергия боюнча кызматташтыгын бекемдейт

Экономика жана коммерция министринин орун басары Медербек Туманов күн мурун Бишкек шаарында өткөн “Корея-Борбор Азия Энергетика жумалыгы” аттуу эл аралык форумга катышты. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы билдирди. Форум Корея менен Кыргызстан ортосунда өнөр жай тармагында кайра жаралуучу энергия жана интеллектуалдык энергия системаларынын өнүгүшүн бекемдөөгө, ошондой эле диалог, инвестиция

Мамлекеттик бюджет 9 айда 93 млрд 407 млн сом профицит менен аткарылды

Экономика

Мамлекеттик бюджет 9 айда 93 млрд 407 млн сом профицит менен аткарылды

Ушул жылдын январь-сентябрь айларында Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгынын маалыматы боюнча, мамлекеттик бюджет 93 млрд 407 млн сом профицит менен аткарылган. Улуттук статистика комитетинин билдиришинче бул ИДПнын 7,5 пайызына туура келет. Кирешелер Мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүнө түшкөн каражаттар, анын ичинде финансылык эмес активдерди сатуудан түшкөн каражаттар, олуттуу өсүштү көрсөттү.

Кыргызстан менен Пакистандын товар жүгүртүүсү былтыр 16,2 млн доллар болгон

Экономика

Кыргызстан менен Пакистандын товар жүгүртүүсү былтыр 16,2 млн доллар болгон

Кыргызстан менен Пакистандын экономикалык кызматташтыгы чоң потенциалга ээ экенин “Кабар” агенттигине экономист Кубан Чороев билдирди. Ал  Пакистандан Кыргызстанга фармацевтика, кийим-кече, териден жасалган буюмдар, спорттук шаймандар, транспорт каражаттары, айыл чарба продукциялары (картошка, күрүч, чай, цитрус жемиштери) импорттолот. Ал эми Кыргызстандан төө буурчак, эт консервалары, авиакеросин, дары-дармек, иштетилген тери, мониторлор,

Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасынын Индиядагы жаңы өкүлү дайындалды

Экономика

Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасынын Индиядагы жаңы өкүлү дайындалды

Бектурган Калыбек уулу Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасынын Индиядагы расмий өкүлү болуп дайындалды. Ведомстводон билдиришкендей, тийиштүү күбөлүктү палатанын президенти Темир Сариев тапшырды. Бектурган Калыбек уулу көп жылдан бери Кыргызстан менен Индиянын ортосундагы бизнес байланышты өнүктүрүүгө салым кошуп келет. Ал бир катар инвесторлорду тартууда, бизнес-форумдарды жана эки өлкө ишкерлеринин жолугушууларын

Кыргызстан блокчейн технологияларын өнүктүрүү боюнча эл аралык форумда тажрыйба бөлүштү

Экономика

Кыргызстан блокчейн технологияларын өнүктүрүү боюнча эл аралык форумда тажрыйба бөлүштү

Женева шаарындагы Дүйнөлүк Соода Уюмунун маселелери боюнча КРнын Экономика жана коммерция министрлигинин өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Нурбек Максутов 24-28-ноябрында Сенегалдын Дакар шаарында өткөн СЕФАКТ ООН (ЕЭК ООН Соода жана электрондук бизнес процедураларын жөнөкөйлөтүү борбору) 44-Форумуна катышты. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти. Форумдун алкагында Нурбек Максутов “Кыргыз Республикасынын

Виртуалдык активдер рыногунда тобокелдиктерди баалоо системасы ишке кирди

Экономика

Виртуалдык активдер рыногунда тобокелдиктерди баалоо системасы ишке кирди

Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы (Финкөзөмөл) виртуалдык активдер рыногуна катышуучулар үчүн "Тобокелдик-скоринг модели" бекитилгенин билдирди. Финкөзөмөлдүн маалыматына ылайык, бул модель ПУВАнын ишин тобокелдикке багытталган системалык баалоо аркылуу жакшыртууга, ачык-айкындуулукту жогорулатууга жана тобокелдиктерди өз убагында аныктоого багытталган. Тобокелдик деңгээлине жараша — төмөн, орто, жогору же критикалык