Экономика
Балыкчы шаарында “826,7 млн сом уурдалган” деген маалымат туура эмес
Кыргызстандын Эсептөө палатасы Балыкчы шаарынын жергиликтүү бюджетинин түзүлүшү жана аткарылышы боюнча жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгын түшүндүрдү. Эсептөө палатасынын Ысык-Көл жана Нарын облустары боюнча аймактык бөлүмү 2024-жылдын 1-январынан 2025-жылдын 31-декабрына чейинки мезгилди камтыган шайкештик аудитин жүргүзгөн. Аудиттин жыйынтыгы боюнча 826,7 млн сом көлөмүндө финансылык бузуулар жана