Экономика

«Евразиялык Сактык Банкында» атайын режими жарым жылга узартылды

Экономика

«Евразиялык Сактык Банкында» атайын режими жарым жылга узартылды

2023-жылдын 21-июнунда Улуттук банктын башкармасы «Евразиялык Сактык Банкы» ААКсында 2023-жылдын 23-июнунан тартып убактылуу администрация атайын режими токтотулгандыгы тууралуу чечим кабыл алган. Бул тууралуу КРУБнун маалымат кызматы билдирди. Такталгандай, 2023-жылдын 23-июнунан тартып 6 (алты) айлык мөөнөткө убактылуу администрация атайын режими киргизилген. Ошондой эле, Таалайбек Алыбаев

Кыргызстандын аэропортторунун базасында комплекстүү бонд аймактары ачылат

Экономика

Кыргызстандын аэропортторунун базасында комплекстүү бонд аймактары ачылат

Кыргызстандын аэропортторунун базасында комплекстүү бонд аймактары ачылат. Бул тууралуу «МЭА» ААК башкы башкармалыгын төрагасы Манас Самидинов эл аралык электрондук коммерция форумунда айтып берди. Такталгандай, кеп аэропорттордо комплекстүү бонд зоналарын ачууну пландаштыруу жөнүндө болууда – бул биринчи кезекте «Манас» эл аралык аэропортунда, ал эми келечекте «Ош», «Ысык-Көл» жана «Каракол» эл аралык

Кытайлык ишкерлер депутаттарга бизнес-долбоорлорду тартуулашты

Экономика

Кытайлык ишкерлер депутаттарга бизнес-долбоорлорду тартуулашты

Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Жамиля Исаева менен депутат Карим Ханжеза парламентте Кытайдан келген ири бизнес корпорациялардын өкүлдөрү менен жолугушту. Иш-чара 24-июнда өттү, бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы билдирди. Иш-чарага машина куруу, транспорт, агроөнөр жай продукциясын өндүрүү, айыл чарба, электромобилдерди чыгаруу тармагындагы түрдүү ишканалардын жетекчилери катышты. Кытайдын

Кыргызстандыктар Кувейтте мыйзамдуу иштей алышат

Экономика

Кыргызстандыктар Кувейтте мыйзамдуу иштей алышат

2023-жылдын 22-июнда Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору менен Кувейттик Al Huqооq International Company компаниясы келишимге кол коюшту. Бул тууралуу Эмгек министрлиги кабарлады. Министр Кудайберген Базарбаевдин айтымында, бүгүнкү күндө департамент Түштүк Кореяда, Улуу Британияда, Перс булуңунун өлкөлөрүндө жана ЕАЭБде мыйзамдуу, коопсуз жумуш табуу мүмкүнчүлүгүн берип жатат. «Кол коюлган

Минкаб Чүй облусундагы бир катар өнөр жай ишканаларынын ишмердүүлүгүн текшерди

Экономика

Минкаб Чүй облусундагы бир катар өнөр жай ишканаларынын ишмердүүлүгүн текшерди

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Чүй облусуна болгон иш сапарынын алкагында Ысык-Ата жана Аламүдүн райондорундагы бир катар өнөр жай ишканаларынын ишмердүүлүгү менен таанышты. Бул тууралуу минкаб кабарлады. Такталгандай, Жапаров «Асыл Таш Плюс» кафель жана керамика чыгаруучу ишкананын курулушу менен таанышты. Долбоорго ылайык, ишкана биринчи этапта 400дөн ашуун адамды иш

Транспорт министрлиги Сары-Челектин жолун асфальттоону пландап жатат

Экономика

Транспорт министрлиги Сары-Челектин жолун асфальттоону пландап жатат

Транспорт министри Тилек Текебаев Жалал-Абад облусуна жасаган иш сапарынын алкагында Сары-Челектин жолунун абалы менен жеринен таанышты. Бул тууралуу министрлик билдирди. Министрдин айтымында, өлкөнүн туристтик потенциалын өнүктүрүү үчүн биринчи кезекте инфраструктураны жакшыртып, жаратылышы керемет жети дубанды көрүүгө келген конокторго жакшы шарт түзүү маанилүү. «Мындан улам, мамлекет жетекчисинин демилгеси менен

Минкаб «Кыргызнефтегазга» эки кенди өткөрүп берди

Экономика

Минкаб «Кыргызнефтегазга» эки кенди өткөрүп берди

«Кыргызнефтегаз» республиканын түштүгүндөгү эки мунай жана газ кенинде геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүү укугуна ээ болду. Тиешелүү буйрукка 13-июнда министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду. Документ Юстиция министрлигинин маалымат базасына жарыяланган. Маселе Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Жаңы-Арык кени жана Ош облусунун Алай районундагы Ачыкташ кениндеги мунай жана

Cаламаттык сактоо тармагына 10.6 млрд сом бөлүндү

Экономика

Cаламаттык сактоо тармагына 10.6 млрд сом бөлүндү

2023-жылдын январь-май айларында «Саламаттык сактоо» бөлүмү боюнча бюджеттик каражаттардын аткарылышы 10.6 млрд сомду же такталган жылдык пландын 36.9%ын түздү. Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирди. Такталгандай, Саламаттык сактоо министрлигинин бюджеттик каражаттар боюнча аткарылуу такталган жылдык планга карата 1.7 млрд сомду же 36%ды түздү, анын

Минкаб германиялык ишкерлерди ГЭСтерди курууга чакырды

Экономика

Минкаб германиялык ишкерлерди ГЭСтерди курууга чакырды

Министрлер кабинети германиялык ишкерлерди ГЭС жана күн электр станцияларын курууга чакырды. Бул тууралуу минкаб төрагасы Акылбек Жапаров Германиянын экономикалык делегациясы менен жолугуусунда айтты. Акылбек Жапаров инвестициялык мүмкүнчүлүктөр жөнүндө сөз кылып жатып, Кыргызстандын энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануу тармагында потенциалы жогору экендигин белгиледи. «Биз германиялык тарапты материалдык гана эмес, экологиялык дивиденддерди

Улуттук банктын 2022-жылдагы кирешесинин 90% бюджетке которулат

Экономика

Улуттук банктын 2022-жылдагы кирешесинин 90% бюджетке которулат

Бүгүн, 22-июндагы Жогорку Кенештин жыйынында «КРнын Улуттук банкынын пайдасын которуу маселелери жөнүндө» конституциялык мыйзам долбоору экинчи окууда каралды. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы кабарлады. Мыйзамдын демилгечиси – министрлер кабинетинин төрагасы. Бул конституциялык мыйзам долбоору Улуттук банктын пайдасын 2022-жылдын жыйынтыгы боюнча республикалык бюджеттин кирешесине 90% өлчөмүндө которуу жолу менен республикалык

Депутаттар тышкы соода ишин мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө мыйзамды  колдошту

Экономика

Депутаттар тышкы соода ишин мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө мыйзамды колдошту

Жогорку Кеңештин жыйынында министрлер кабинетинин төрагасы тарабынан демилгеленген «Тышкы соода ишин мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө» мыйзам долбоору үчүнчу окууда каралып, колдоо тапты. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы билдирди. Такталгандай, мыйзам экономикалык көз карандысыздыкты коргоо, КРнын экономикалык коопсуздугун камсыз кылуу, тышкы соода ишмердигин өнүктүрүүгө дем берүү жана өлкөнүн экономикасын эффективдүү интеграциялоо

5 айда алкоголсуз суусундуктардан 275 млн сом акциз салыгы түштү

Экономика

5 айда алкоголсуз суусундуктардан 275 млн сом акциз салыгы түштү

2023-жылдын 5 айында Салык кызматы алкоголсуз суусундуктардан 275.6 млн сом акциз салыгын чогултту. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы кабарлады. Жалпысынан бул продукцияга акциз салыгы киргизилгенден бери бюджетке 445.9 млн сом түшкөн. Эскерте кетсек, 2022-жылдын 1-июлунан тартып ТЭИ ТН 2202 товардык позициясына киргизилген алкоголсуз суусундуктарды (кант