Экономика

Кыргызстан менен Кипр кош салык салууну четтетүү боюнча макулдашууга кол коюшту

Экономика

Кыргызстан менен Кипр кош салык салууну четтетүү боюнча макулдашууга кол коюшту

Экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков Кыргызстанга расмий сапар менен келген Кипр Республикасынын тышкы иштер министри Константинос Комбос менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Жолугушууда тараптар кыргыз-кипр кызматташтыгынын учурдагы абалын жана келечегин, ошондой эле соода-экономикалык жана инвестициялык байланыштарды кеңейтүү маселелерин талкуулашты. Жолугушуунун жыйынтыгында Кыргыз Республикасы менен Кипр

"Кыргыз Экспорт" борбору россиялык өнөктөштөр менен төрт документке кол койду

Экономика

"Кыргыз Экспорт" борбору россиялык өнөктөштөр менен төрт документке кол койду

XXIX Петербург эл аралык экономикалык форумунун алкагында Кыргызстандын делегациясы бир катар иш-чараларга катышып, экспорттук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүгө багытталган жаңы келишимдерди түздү. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти. Экономика жана коммерция министрлигине караштуу "Кыргыз Экспорт" борбору россиялык өнөктөштөр менен кызматташуу боюнча төрт документке кол койду. 4-июнда Санкт-

Кыргызстан үчүнчү ирет эл аралык Кагазсыз соода боюнча кеңешти жетектейт

Экономика

Кыргызстан үчүнчү ирет эл аралык Кагазсыз соода боюнча кеңешти жетектейт

Кыргыз Республикасы үчүнчү жолу катары менен Азия-Тынч океан аймагында чек ара аркылуу кагазсыз соода жүргүзүүнүн жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү боюнча БУУнун ЭСКАТОсунун Алкактык макулдашуусунун Кагазсыз соода боюнча кеңешинин төрагасы болуп шайланды. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти. Тиешелүү чечим 8-июнда Таиланд Падышалыгынын борбору Бангкок шаарында өткөн Кагазсыз соода

Өлкөгө айрым курулуш материалдарын импорттоого убактылуу чектөө киргизүү сунушталууда

Экономика

Өлкөгө айрым курулуш материалдарын импорттоого убактылуу чектөө киргизүү сунушталууда

Министрлер кабинети үчүнчү өлкөлөрдөн Кыргызстанга айрым курулуш материалдарын алып келүүгө алты айлык мөөнөткө чейин убактылуу тыюу салууну сунуштады. Тиешелүү токтом долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Маалыматка ылайык, акыркы жылдары өлкөдө курулуш материалдарына болгон суроо-талап өскөнү менен айрым тармактарда импорттун көлөмү жергиликтүү өндүрүшкө басым жасап жатат. Натыйжада бир катар ишканалар кампаларда

Кыргызстанда аймактарды өнүктүрүүгө багытталган долбоорлор улантылат

Экономика

Кыргызстанда аймактарды өнүктүрүүгө багытталган долбоорлор улантылат

Экономика жана коммерция министрлиги Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасы (ПРООН), Россия–ПРООН Трасттык фондунун мониторингдик миссиясы жана Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн өкүлдөрү менен биргеликте кызматташуунун жыйынтыктарын талкуулап, мындан аркы биргелешкен иштердин негизги багыттарын аныктады. Ведомствонун маалыматына ылайык, жолугушууда өлкөнүн аймактык өнүгүүсү, аймактарды мастер-пландоо, инвестицияларды тартуу жана экономикалык өсүштү камсыздоо маселелерине

Улуттук банк виртуалдык активдер боюнча операцияларга көзөмөлдү күчөтүүнү сунуштоодо

Банктар

Улуттук банк виртуалдык активдер боюнча операцияларга көзөмөлдү күчөтүүнү сунуштоодо

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы коомдук талкууга коммерциялык банктардын ички көзөмөл системасына байланыштуу өзгөртүүлөрдүн долбоорун чыгарды. Документтин негизги максаты — виртуалдык активдер (криптовалюталар жана башка санариптик активдер) менен жүргүзүлгөн операцияларда акчаны адалдоого, терроризмди каржылоого жана массалык кыргын салуучу куралдарды жайылтууну каржылоого каршы талаптарды күчөтүү болуп саналат. Долбоорго ылайык, банктар виртуалдык активдер менен

Бюджеттик чыгымдар, улуттук долбоорлор боюнча аудиттин жыйынтыктары каралды

Экономика

Бюджеттик чыгымдар, улуттук долбоорлор боюнча аудиттин жыйынтыктары каралды

КРнын Эсептөө палатасынын Кеңешинин кезектеги отурумунда мамлекеттик органдардын бюджеттик каражаттарды пайдалануу натыйжалуулугуна жана бир катар маанилүү долбоорлордун ишке ашырылышына байланышкан аудиттик отчеттор каралды. Жыйындын жүрүшүндө Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинде, анын ведомстволук мекемелеринде жана карамагындагы мамлекеттик ишканаларда 2024-жылдагы бюджеттин аткарылышы боюнча жүргүзүлгөн шайкештик аудитинин жыйынтыгы талкууланды. Эсептөө

Кыргызстанда күйүүчү майдын баасы өсүүдө

Экономика

Кыргызстанда күйүүчү майдын баасы өсүүдө

Кыргызстанда күйүүчү майга болгон баа акырындык менен жогорулап жатат. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин айрым керектөө товарларынын орточо баалары боюнча жүргүзгөн күнүмдүк мониторингинин жыйынтыктары көрсөтүүдө. Статистикалык маалыматтарга ылайык, 2026-жылдын июнь айында АИ-95 үлгүсүндөгү бензиндин орточо баасы өлкө боюнча литрине 85,77 сомду түздү. Май айында бул көрсөткүч 85,

Өзгөндө суткасына 5 тонна күрүч таңгактай турган логистикалык борбор ачылды

Экономика

Өзгөндө суткасына 5 тонна күрүч таңгактай турган логистикалык борбор ачылды

Өзгөн районунда күрүчтү кайра иштетүү жана таңгактоо боюнча заманбап логистикалык борбор ачылып, пайдаланууга берилди. Долбоор жергиликтүү дыйкандардын өндүргөн продукциясынын сапатын жогорулатууга жана анын рыноктогу атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн арттырууга багытталган. Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн маалыматына ылайык, логистикалык борбордун курулушу 2025-жылдын август айында башталган. Долбоорду ишке ашырууга жалпысынан 14 млн

Бакыт Сыдыков санкциялык саясат боюнча Президенттин атайын өкүлү болуп дайындалды

Экономика

Бакыт Сыдыков санкциялык саясат боюнча Президенттин атайын өкүлү болуп дайындалды

Экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков Президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү болуп дайындалды. Тиешелүү Жарлыкка өлкө башчысы кол койду. Президенттин администрациясынын маалыматына ылайык, Бакыт Сыдыков санкциялык саясат жана санкциялык тобокелдиктерди минималдаштыруу маселелери боюнча Президенттин атайын өкүлү катары иш алып барат. Ошондой эле Жарлыкка ылайык, ага 2026-жылдын 31-декабрына

7-июнь - Кыргызстандын финансы жана экономика кызматкерлеринин күнү

Экономика

7-июнь - Кыргызстандын финансы жана экономика кызматкерлеринин күнү

Жыл сайын 7-июнда Кыргыз Республикасында финансы-экономика чөйрөсүнүн кызматкерлери өздөрүнүн кесиптик майрамын белгилешет. Бул майрам финансы жана экономика тармагында эмгектенген кызматкерлерге таандык. Майрам өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө экономиканын бардык тармактарынын финансылык жана экономикалык кызматкерлеринин кошкон салымынын маанилүүлүгүн белгилөө максатында уюштурулган. Кыргызстанда финансылык ортомчулук жана камсыздандыруу кызматтарын көрсөтүү чөйрөсүндө 900гө

Кыргызстан менен Кытай өнөр жай кызматташтыгын кеңейтүүнү талкуулашты

Экономика

Кыргызстан менен Кытай өнөр жай кызматташтыгын кеңейтүүнү талкуулашты

Чолпон-Ата шаарында өткөн Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин өнөр жай министрлеринин IV кеңешмесинин алкагында экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков Кытай Эл Республикасынын өнөр жай жана маалыматташтыруу министринин орун басары Синь Гобинь менен жолугушту. Ведомствонун маалыматына ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-кытай соода-экономикалык жана өнөр жай кызматташтыгын