Экономика

Негизги капиталга салынган инвестициялар 204,4 млрд сомго жетти

Экономика

Негизги капиталга салынган инвестициялар 204,4 млрд сомго жетти

Кыргызстанда 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгында негизги капиталга инвестициялардын көлөмү 204 миллиард 400 миллион сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин төрагасы Бактыбек Кудайбергенов билдирди. Маалыматка ылайык, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу инвестициялардын көлөмү ички жана тышкы каржылоо булактарынын көбөйүшүнүн эсебинен өстү. Тактап айтканда, ички инвестициялар 1,5 эсеге көбөйүп,

Уулжан Бейшенбекова
Кыргызстан менен Өзбекстан товар жүгүртүүнү көбөйтүүнү талкуулады

Экономика

Кыргызстан менен Өзбекстан товар жүгүртүүнү көбөйтүүнү талкуулады

Экономика жана коммерция министрлигинде Кыргызстандын экономика жана коммерция министринин орун басары Султан Ахматов менен Өзбекстандын инвестициялар, өнөр жай жана соода министринин орун басары Хуррам Тешабаев жолугушуп, эки өлкөнүн соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыгын өнүктүрүү маселелерин талкуулашты. Ведомствонун маалыматына ылайык, жолугушууда эки мамлекеттин башчылары жетишкен макулдашууларды ишке ашыруунун жүрүшү жана аларды

Айгерим Качкынбекова
Кыргызстан АКШнын "Trade Over Aid" демилгесин колдой турганын билдирди

Экономика

Кыргызстан АКШнын "Trade Over Aid" демилгесин колдой турганын билдирди

Экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков Нью-Йоркто өткөн Туруктуу өнүгүү боюнча Жогорку деңгээлдеги саясий форумда сүйлөп, Кыргызстан АКШнын "Trade Over Aid" ("Жардамдын ордуна соода") демилгесин колдой турганын билдирди. Ведомствонун маалыматына ылайык, министр Бакыт Сыдыков демилгенин негизги принциптери Кыргыз Республикасынын 2030-жылга чейинки Улуттук өнүгүү программасына

Айгерим Качкынбекова
Кыргызстандын экономикасы жарым жылда 11,9% өстү

Экономика

Кыргызстандын экономикасы жарым жылда 11,9% өстү

2026-жылдын январь–июнь айларында Кыргызстандын экономикасында оң өсүш байкалды. Алдын ала маалымат боюнча, ички дүң продукт (ИДӨ) 960 млрд сомду түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 11,9%га көбөйдү. Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, өнөр жай продукциясынын көлөмү 450,4 млрд сомго жетип, өндүрүштүн физикалык көлөмүнүн индекси 112,

Ишкер Media
Кытайлык инвесторлор менен жаңы долбоорлор талкууланды

Экономика

Кытайлык инвесторлор менен жаңы долбоорлор талкууланды

Бүгүн Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысынын орун басары Дамирбек Бикулов China Construction Fifth Engineering Division Corp., Ltd. (CSCEC 5th Bureau) компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушту. Улуттук агенттиктин маалыматына ылайык, тараптар компаниянын Кыргызстандагы ишмердүүлүгүн, учурда ишке ашырылып жаткан долбоорлордун жүрүшүн жана инвестициялык-инфраструктуралык кызматташтыкты кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты. Жолугушууда курулуш жана инфраструктура тармагына

Айгерим Качкынбекова
Кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөк пулга 270,3 млн сом бөлүндү

Экономика

Кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөк пулга 270,3 млн сом бөлүндү

1-июлга карата Кыргызстанда 11 931 аялга кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпул төлөндү. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти. Аталган төлөмдөргө республикалык казынадан 270,3 млн сом каражат бөлүнгөн. Маалыматка ылайык, 2025-жылдын ушул эле мезгилинде жөлөкпулду 13 843 аял алып, казынадан 298,9 млн сом

Уулжан Бейшенбекова
ЕТӨФ энергетика жана инфраструктура долбоорлорун колдоону улантат

Экономика

ЕТӨФ энергетика жана инфраструктура долбоорлорун колдоону улантат

Бүгүн финансы министри Руслан Суйналиев Евразиялык турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун (ЕТӨФ) башкаруучу директору Ярослав Мандрон менен жолугушту. Ведомствонун маалыматына ылайык, жолугушууда Кыргызстан менен ЕТӨФтүн ортосундагы кызматташтыктын учурдагы абалы жана аны мындан ары өнүктүрүү маселелери каралды. Тараптар энергетика, суу менен камсыздоо, транспорттук инфраструктура жана социалдык тармактардагы биргелешкен долбоорлорго өзгөчө көңүл бурушту.

Айгерим Качкынбекова
Финансы министрлиги 2026-жылдын жарым жылдыгынын жыйынтыгын чыгарды

Экономика

Финансы министрлиги 2026-жылдын жарым жылдыгынын жыйынтыгын чыгарды

2026-жылдын 14-июлунда Финансы министрлигинде министрликтин коллегиясынын жыйыны болуп өттү. Анда министрликтин өкүлдөрү 2026-жылдын биринчи жарым жылындагы иштин жыйынтыгын чыгарып, республикалык бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн көрсөткүчтөрү, мамлекеттик жана салыктык эмес кирешелердин түшүүсүн карап чыгышты. Министрликтин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, коллегияда мындан сырткары бюджеттин аткарылышындагы учурдагы тенденциялар

Ишкер Media
Жыл башынан бери Улуттук банк 1 млрд 472 млн доллар сатты

Экономика

Жыл башынан бери Улуттук банк 1 млрд 472 млн доллар сатты

Улуттук банк бүгүн валюта базарында жалпы 186,4 млн доллар сатты. Бул 2026-жылдын башынан берки тогузунчу валюталык интервенция болду. Сатылган каражаттын ичинен 24,8 млн доллар бүтүм түзүлгөн күнү эсептешүү шарты менен, ал эми 161,6 млн доллар кийинки эсептешүү күнү менен сатылган. Жаңы операциядан кийин Улуттук банктын 2026-

Уулжан Бейшенбекова
Эсептөө палатасы: Кочкор районунан  233,2 млн сомдук каржылык мыйзам бузуу аныкталды

Экономика

Эсептөө палатасы: Кочкор районунан 233,2 млн сомдук каржылык мыйзам бузуу аныкталды

КРнын Эсептөө палатасынын Нарын облусу боюнча аймактык бөлүмү аудитордук иш планга ылайык, Нарын облусунун Кочкор районунун 2024-жылдагы жергиликтүү бюджетинин түзүлүшүнө, аткарылышына жана ишине жүргүзгөн аудиттин жыйынтыгында -  233 млн 230,3 миң сомдук каржылык мыйзам бузуу аныктады. Бул каражаттын 209 млн 160,8 миң сом калыбына келтирүүгө тийиш болсо, бүгүнкү

Ишкер Media
Эсептөө палатасы Чолпон-Атадагы бюджеттик мыйзам бузууларды аныктады

Экономика

Эсептөө палатасы Чолпон-Атадагы бюджеттик мыйзам бузууларды аныктады

Эсептөө палатасынын Ысык-Көл жана Нарын облустары боюнча аймактык бөлүмү Чолпон-Ата шаарынын 2024–2025-жылдардагы жергиликтүү бюджетине жүргүзгөн аудиттин жыйынтыгында 185 млн 249,7 миң сомдук каржылык мыйзам бузуу аныктады. Эсептөө палатасынын маалыматына караганда, бул каражаттын ичинен 170 млн 763,2 миң сому калыбына келтирүүгө тийиш болсо, 147 млн

Ишкер Media
Улуттук статистика комитети статистикалык маалыматтарды башкаруунун жаңы тутумун киргизет

Экономика

Улуттук статистика комитети статистикалык маалыматтарды башкаруунун жаңы тутумун киргизет

КРнын Улуттук статистика комитети расмий статистиканын санариптик инфраструктурасын өркүндөтүү максатында структуралык мета-маалыматтар (метадайындар) тутумун киргизүү боюнча иштерди жүргүзүүдө. 6–10-июль күндөрү комитетте эл аралык эксперт Андреа Брунинин миссиясы болуп өттү. Миссиянын алкагында, Улуттук статистика комитетинин төрагасы Бактыбек Кудайбергенов эксперт менен жолугушуп, расмий статистиканы санариптештирүү, структуралык мета-маалыматтарды башкаруунун

Ишкер Media