Энергетика

Кыргызстан MIGA менен энергетика жана инвестицияны талкуулады

Энергетика

Кыргызстан MIGA менен энергетика жана инвестицияны талкуулады

Дүйнөлүк банктын жана Эл аралык валюта фондунун 59-жылдык жыйынынын алкагында финансы министри Алмаз Бакетаев Дүйнөлүк банк тобунун жетекчилеринин бири, MIGAнын аткаруучу вице-президенти Хироши Матано менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтен билдиришти. Жолугушууда кызматташтыктын артыкчылыктуу багыттары каралды: Камбарата-1 ГЭСи аркылуу электр энергиясын экспорттоо жана импортко көз карандылыкты азайтуу; MIGAнын

Энергетика министрлиги Камбарата-1 боюнча экинчи коомдук талкууну уюштурду

Энергетика

Энергетика министрлиги Камбарата-1 боюнча экинчи коомдук талкууну уюштурду

6–10-октябрында Камбарата-1 ГЭСинин долбооруна кирген Атай (Тогуз-Торо), Сары-Камыш, Иманалиев жана Толук (Токтогул) айыл аймактарында экинчи айлампада коомдук талкуулар болуп өттү. Бул тууралуу Энергтика министрлигинен билдиришти. Иш-чарага 300гө жакын жергиликтүү тургун, дыйкандар, малчылар, коомдук лидерлер, айымдар жана адистер катышты. Талкуунун негизги темалары — суу сактагычты толтуруудан

“Кемин” көмөк чордонунда оңдоо иштери 95%га аяктады

Энергетика

“Кемин” көмөк чордонунда оңдоо иштери 95%га аяктады

Энергетика министрлигинин тапшырмасына ылайык, 2025–2026-жылдагы күз-кыш мезгилине даярдыктын алкагында энергетика тармагында оңдоо жана жаңылоо иштери жүрүүдө. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, Чүй облусунда жайгашкан өлкөдөгү эң ири 4 көмөкичордондун бири 500/220/35 кВ “Кемин” көмөк чордонунда оңдоп-түзөө иштери 95 пайызга аяктады.

Евробиримдик “Камбар-Ата-1” ГЭСин курууга 1 млрд доллар бөлөт

Энергетика

Евробиримдик “Камбар-Ата-1” ГЭСин курууга 1 млрд доллар бөлөт

Энергетика министри Таалайбек Ибраев Бельгиянын Брюссель шаарында өткөн “Global Gateway” форумуна катышты. Форумда Ибраев Казакстандын, Өзбекстандын энергетика министрлери жана Евробиримдиктин өкүлдөрү менен «Камбар-Ата-1» ГЭСин куруу маселесин талкуулады. Министрликтин маалыматына ылайык, Европа биримдиги Кыргызстан, Өзбекстан жана Казакстанга жалпы 2,4 млрд доллар бөлөрүн, анын ичинен Кыргызстанга 1 млрд доллар

ЕРӨБ Камбар-Ата ГЭС-1 курулушуна катышууну активдештирет

Энергетика

ЕРӨБ Камбар-Ата ГЭС-1 курулушуна катышууну активдештирет

Европа реконстуркциялоо жана өнүктүрүү банкы Камбар-Ата ГЭС-1 курулушунда өзүнүн катышуусун активдештирерин банктын маалымат кызматы билдирди.  Бул долбоор Казакстан, Кыргызстан жана Өзбекстан мамлекеттеринин үч тараптуу бирдиктүү ишканасы катары ишке ашырылып жатат. “Станция жалпы кубаттуулугу 1860 мегаватт болгон 4 турбина менен жабдылып, жылына 5,6 млрд киловатт-саат электр энергиясын

Жети-Өгүздө электр тармагын модернизациялоо иштери жүрүүдө

Энергетика

Жети-Өгүздө электр тармагын модернизациялоо иштери жүрүүдө

Жыл башынан тарта Жети-Өгүз районунда электр тармагын жаңылоо жана кызмат сапатын жакшыртуу боюнча "Кыргызстан улуттук электр тармагы" ири иштерди аткарууда. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен маалымдашты. Жети-Өгүз  району боюнча 2025-жылдын башынан бери төмөнкү иштер ишке ашырылды: * 242 даана трансформатор жана 387 чакырым аба чубалгылары техникалык тейлөөдөн

Энергетика министри “Газпромго” каржылоону 1,5 млрд сомго көбөйтүүнү сунуштады

Энергетика

Энергетика министри “Газпромго” каржылоону 1,5 млрд сомго көбөйтүүнү сунуштады

Энергетика министри Таалайбек Ибраев 7–10-октябрда Санкт-Петербургда өтүп жаткан XIV эл аралык газ форумуна катышууда. Иш-чаранын алкагында ал “Газпром” компаниясынын жетекчиси Алексей Миллер менен жолугушту. Министрликтен билдиргендей, жолугушууда тараптар Кыргызстанга газдын жеткирилиши жана «Газпром Кыргызстан» ишканасынын Кыргызстандын газ ташуу жана бөлүштүрүү системаларын күз-кыш мезгилине даярдоо боюнча

Ош облусунда 78 миңден ашык акылдуу эсептегич орнотулду

Энергетика

Ош облусунда 78 миңден ашык акылдуу эсептегич орнотулду

Энергетика министрлигинин 2025-жылдагы планына ылайык, Ош электр тармактарында жалпы 100 850 даана акылдуу эсептегич орнотулат. Бүгүнкү күнгө чейин 78 475 даанасы орнотулуп, калган 22 375 даанасы жыл аягына чейин орнотулат. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти. Ош шаарында 100% эсептегичтер орнотулуп бүттү. Ал эми облустардагы бөлүштүрүү төмөндөгүдөй: Араван

Электр тартыштыгы элди кыйнабайбы?

Энергетика

Электр тартыштыгы элди кыйнабайбы?

Жай мезгилиндеги кургакчылыктан жана электр энергиясын керектөөнүн өскөнүнөн улам Токтогул суу сактагычында быйыл  былтыркыдан суу 1,6 млрд кубга аз топтолгону белгилүү болду.   Энергетика министри Таалайбек Ибраев “Кабар” маалымат агенттигине курган маегинде: “Эң кыйын мезгил 2025-2026-жылдар. Себеби мурдагы жылдарга караганда суунун көлөмүнүн аздыгы 1,6 млрд куб болууда.

Токтогул ГЭСинин модернизациясы 94%га бүткөрүлдү

Энергетика

Токтогул ГЭСинин модернизациясы 94%га бүткөрүлдү

Токтогул ГЭСин модернизациялоо жана реабилитациялоо иштери 94%га бүткөрүлдү. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, учурда станциянын акыркы гидроагрегатын жаңылоо иштери тынымсыз жүрүүдө. Аны ушул жылдын ноябрь айында ишке киргизүү пландалууда. Жалпысынан долбоор үч этап менен ишке ашырылып жатат. Биринчиси – гидромеханикалык жабдууларды жаңылоо. Экинчиси – гидроагрегаттарды толугу менен алмаштыруу, ал

Бишкектеги таштанды заводу качан ачылары айтылды

Коом

Бишкектеги таштанды заводу качан ачылары айтылды

Бишкекте курулуп жаткан таштанды заводу ушул жылдын 28-декабрында ачыларын шаар мэри Айбек Жунушалиев "Биринчи радионун" түз эфиринде билдирди. “Завод таштандыны бир айда иргеп, кургатып, өрттөөгө даярдайт. Андан электр кубаты өндүрүлөт. Иш башталганда суткасына 460 мегаватт электр энергиясын өндүрүп, анын 410 мегаваттын шаарга берет, ал эми 50 мегаватт

Өкмөт калкты электр энергиясын үнөмдөөгө чакырды

Энергетика

Өкмөт калкты электр энергиясын үнөмдөөгө чакырды

МинКаб төрагасы Адылбек Касымалиев министрликтерди, мамлекеттик органдарды, жергиликтүү бийлик органдарын жана жалпы калкты электр энергиясын үнөмдөөгө чакырды. Бул тууралуу ал экономика тармактарын жана калкты 2025–2026-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдоо жана аткарылган иштер жөнүндө кеңешме өткөргөндө билдирди. Адылбек Касымалиев өлкө боюнча бардык ГЭСтердин абалы жана кышка карата даярдыктары туурасында