Энергетика
Энергетика министри “Газпромго” каржылоону 1,5 млрд сомго көбөйтүүнү сунуштады
Энергетика министри Таалайбек Ибраев 7–10-октябрда Санкт-Петербургда өтүп жаткан XIV эл аралык газ форумуна катышууда. Иш-чаранын алкагында ал “Газпром” компаниясынын жетекчиси Алексей Миллер менен жолугушту. Министрликтен билдиргендей, жолугушууда тараптар Кыргызстанга газдын жеткирилиши жана «Газпром Кыргызстан» ишканасынын Кыргызстандын газ ташуу жана бөлүштүрүү системаларын күз-кыш мезгилине даярдоо боюнча