Коом
Экономика минитсри Нью-Йоркто өткөн Каспий бизнес-форумуна катышты
22-сентябрда Нью-Йорк шаарында Экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков VII Каспий бизнес-форумуна катышты. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады. Маалымдалгандай, форумда министр Ортоңку коридор Азия менен Европаны байланыштырган маанилүү экономикалык багыт экенин белгилеп, аны өнүктүрүү сооданы кеңейтүүгө, инвестиция тартууга жана аймактык байланыштарды чыңдоого өбөлгө түзөрүн айтты.