Коом

Бишкектин айрым бөлүктөрүндө суу өчүрүлөт

Коом

Бишкектин айрым бөлүктөрүндө суу өчүрүлөт

26-июнда саат 09:00дөн 21:00гө чейин турак жайларда, мектептерде, мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде, саламаттыкты сактоо мекемелеринде жана башка социалдык жана өнөр жай объектилеринде ичүүчү суу берүү токтотулат. Бишкек шаардык мэриясынын маалыматына ылайык, сууну өчүрүү Коперник көчөсү – Поваринская көчөсү – Тыналиев көчөсү – И. Ахунбаев көчөсү – Садырбаев көчөсүндө болот. Коперник

Сапар Акунбеков
Германияда 18 жаштагы кыргызстандык сууга чөгүп көз жумду

Коом

Германияда 18 жаштагы кыргызстандык сууга чөгүп көз жумду

Германияда 18 жаштагы кыргызстандык жаран сууга чөгүп каза болду. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, А.А.К. аттуу жаран 23-июнда Германиянын Хёкстер шаарына жакын жайгашкан көлдө сууга түшүп жаткан учурда кырсыкка кабылган. Ал Германияга жай мезгилинде иштөө үчүн барган. Учурда Кыргызстандын Германиядагы элчилиги жергиликтүү бийлик

Уулжан Бейшенбекова
Салык төлөөнү жеңилдетүү жолдору иштелип чыгууда

Коом

Салык төлөөнү жеңилдетүү жолдору иштелип чыгууда

Мамлекеттик салык кызматы салыктык жол-жоболорду жөнөкөйлөтүү жана салык төлөөчүлөр үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү боюнча иштерди улантууда. Салык кызматынын маалыматына таянсак, салык төлөөчүлөрдү жоюу учурундагы иш регламентине салыктык эсептен чыгаруу жол-жобосун жөнөкөйлөтүүгө багытталган өзгөртүүлөр киргизилди.  Жаңы өзгөртүүлөр төмөнкүлөрдү камтыйт: Жеке ишкерлер үчүн ишмердүүлүгүн токтотуу жөнүндө арыз берилген учурда, салык

Сапар Акунбеков
Мыйзамсыз менчиктештирилген бала бакча мамлекетке өткөрүлдү

Коом

Мыйзамсыз менчиктештирилген бала бакча мамлекетке өткөрүлдү

Бакай-Ата районунун Боо-Терек айылында мурда мыйзамсыз түрдө жеке менчикке өтүп кеткен бала бакчанын имараты кайрадан муниципалдык менчикке кайтарылды.  Жерди жана сууну көзөмөлдөө кызматынын маалыматына ылайык, Боо-Терек айлында жайгашкан мурдагы бала бакчанын имараты боюнча узакка созулган соттук териштирүүлөр аяктады. Жыйынтыгында жергиликтүү соттордун имаратты айыл өкмөтүнүн менчигине кайтаруу тууралуу

Сапар Акунбеков
Коруктардын жана улуттук парктардын аянтын азайтууга тыюу салуу демилгеленди

Коом

Коруктардын жана улуттук парктардын аянтын азайтууга тыюу салуу демилгеленди

Министрлер кабинети Кыргызстандагы өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын аянтын кыскартууга жана алардын коргоо даражасын төмөндөтүүгө 20 жылга тыюу салган токтом долбоорун коомдук талкууга чыгарды. Демилге жаратылыштын биологиялык ар түрдүүлүгүн сактоого, экологиялык коопсуздукту камсыз кылууга жана Кыргызстандын эл аралык милдеттенмелерин аткарууга багытталганы белгиленет. Демилгечилер акыркы жылдары инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу жана кен

Уулжан Бейшенбекова
Нарын жаратылыш коругунда жайгашкан музей жаңыланат

Коом

Нарын жаратылыш коругунда жайгашкан музей жаңыланат

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Акыл Токтобаев Нарындагы “Кара-Тал Жапырык” жана Нарын мамлекеттик жаратылыш коруктарына барды. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди. Иш сапардын жүрүшүндө Нарын жаратылыш коругунда жайгашкан музейди жаңыртуу маселеси көтөрүлдү. Музей 2016-жылдан бери кароосуз калып, ичиндеги экспонаттардын жана имараттын абалы начарлап кеткен.

Уулжан Бейшенбекова
“Тегирмен башы” эчки чарбасы 2 млн сомдук тыбыт өндүрүүнү пландоодо

Коом

“Тегирмен башы” эчки чарбасы 2 млн сомдук тыбыт өндүрүүнү пландоодо

Баткен районундагы “Тегирмен башы” мамлекеттик эчки чарбасына Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматынын жетекчиси Адилет Сотовалдиев тиешелүү адистер менен биргеликте иш сапары менен барып, чарбанын учурдагы абалы жана өнүгүү перспективалары менен таанышты.  Ветеринардык кызматтын маалыматына ылайык, иш сапардын жүрүшүндө чарбанын өндүрүштүк көрсөткүчтөрү, асыл тукум иштеринин жүрүшү, малдын саны,

Сапар Акунбеков
Кытай тарап Баткендеги инвестициялык долбоорлорго кызыгуусун билдирди

Коом

Кытай тарап Баткендеги инвестициялык долбоорлорго кызыгуусун билдирди

Президенттин Баткен облусундагы өкүлү Мамыржан Рахимов кытайлык "Hebei Lugang Group" компаниясынын төрагасы Лю Руйляо баштаган делегацияны кабыл алды. Бул тууралуу өкүлчүлүктөн билдиришти. Жолугушууда Баткендин экономикалык мүмкүнчүлүктөрү, инвесторлор үчүн түзүлгөн шарттар жана артыкчылыктуу долбоорлор тууралуу кеңири маалымат берилди. Кытайлык өкүлдөргө “Достук” эл аралык соода-логистикалык паркы, заманбап көп кабаттуу

Уулжан Бейшенбекова
Алдамчылыкка айыпталгандар чет өлкөдөн алынып келинди

Коом

Алдамчылыкка айыпталгандар чет өлкөдөн алынып келинди

Башкы прокуратуранын чет мамлекеттердин компетенттүү органдары менен жүргүзгөн натыйжалуу кызматташуусунун негизинде эл аралык издөөгө жарыяланган эки шектүүөлкө аймагына жеткирилди. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан маалымдашты. Маалыматка ылайык, алардын бири – Америка Кошмо Штаттарынан жеткирилген Ы.М. – алдамчылыктын бир нече эпизодун жасоого айыпталууда. Тергөөнүн маалыматы боюнча, ал жарандардын ишенимине кирүү жолу менен алардын

Сапар Акунбеков
Кара-Сууда селден жабыркаган жолдор тазаланып, каттам ачылды

Коом

Кара-Сууда селден жабыркаган жолдор тазаланып, каттам ачылды

Кара-Суу районунда 24-июнда кечки саат 21:20 чамасында катуу жааган жамгырдын кесепетинен сел жүрүп, Ынтымак айыл аймагындагы Жаңы-Арык – Кызыл-Суу унаа жолунун 19-чакырымынан тартып бир нече бөлүгү жабыркаган. Транспорт жана коммуникациялар министрлиги берген маалыматка ылайык, жерине №45 Жол эксплуатациялоо мекемесинин атайын техникасы ыкчам тартылып, тазалоо иштери

Уулжан Бейшенбекова
Улуттук университеттин кызматкери кармалды

Коом

Улуттук университеттин кызматкери кармалды

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин кызматкери Э.у.М.ны акча алып жаткан жеринен кармаганын атайын кызматтын басма сөз кызматы билдирди.  Маалыматка ылайык, тергөөнүн божомолу боюнча, ал бүтүрүүчүлөрдүн мамлекеттик экзамен тапшыруусуна тоскоол болгон жасалма тоскоолдуктарды жаратып, акча талап кылып, кийинчерээк ЖОЖдордун окутуучуларына жана кызмат

Сапар Акунбеков
Нарында мөңгүлөрдү сактоо боюнча эл аралык жайкы мектеп ачылды

Коом

Нарында мөңгүлөрдү сактоо боюнча эл аралык жайкы мектеп ачылды

24-июнда Нарын шаарында “Мөңгүлөрдү изилдөө, сактоо жана климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу” аттуу эл аралык жайкы мектептин расмий ачылышы өттү. Бул тууралуу президенттин администрациясы билдирди. Иш-чара Кыргызстандын тоо күн тартибин илгерилетүү, климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу жана мөңгүлөрдү сактоо багытындагы эл аралык кызматташтыкты кеңейтүү максатында уюштурулду. Окуу программасы 7-июлга чейин уланат.

Уулжан Бейшенбекова