Коом
Муром көчөсүн оңдоо үчүн 4 миң чарчыдан ашык жер бошотулат
Бишкекте өтө турган VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдыктын алкагында Муром көчөсү толугу менен оңдолууда. Бул тууралуу калаа мэриясынын билдиришти. Маалыматка ылайык, курулуш иштери жүрүп жаткан аймактагы муниципалдык жерлерде 40тан ашык чарбалык субъектке таандык 80ден ашуун жеңил типтеги объект жайгашкан. Жолду оңдоо долбоорун ишке ашыруу үчүн бул аймактарды бошотуу зарыл болууда.